Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ооган шийилерин пакистандык сунилер бутага алууда


6-декабрь, Кабул
6-декабрь, Кабул

Элчиси армияны ыкка келтирүүгө АКШдан жардам сурады деп айыпталган Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Дубайда дарыланып жатат.

Анын аралыгында Пакистанда суни мамлекетин курууну максат кылган экстремисттик уюм коңшу Ооганстандагы шийи азчылыгына каршы кандуу чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

"Лашкари-Жхангви ал-Алами" деп аталган бул уюшма Ооганстан менен Пакистанды ого бетер кайраштырып, ооган жергесинде да шийи жана суни мусулмандарынын ортосуна чок салууну көздөп калган шекилдүү.

Кабулдагы шийилердин ибадатканасына жасалган кандуу чабуулдан Ооганстан эми өзүнө келип жаткан чакта, коңшулаш Пакистанда ушундай кол салууларды уюштуруп келген суни экстремисттик уюшмага сөөмөй көзөшүүдө.

Кабул, 6-декабрь
Кабул, 6-декабрь
6-декабрда шийи мусулмандары өздөрүнүн эң маанилүү күнү болгон Ашураны белгилеп жаткан чакта бомба жарылганда бери дегенде 55 кишинин өмүрү кыйылып, 160тан ашыгы жараат алган эле. Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында да дээрлик бир мезгилде орун алган дагы бир кол салууда төрт киши набыт кетти.

Кабулдагы түш чендеги чабуулдан көп өтпөй, өзүн "Лашкари-Жхангви ал-Алами" уюмунун маалымат катчысымын деп ырастаган киши "Азаттыктын" Пакистан кызматы болгон "Радио Маршаал" менен байланышка чыкты. Ал Кабулдагы кан төгүүнү мына ушул пакистандык согушкер уюм уюштурганын билдирди.

Өзүн Кари Абубакар Мансур деп тааныштырган бул кишинин ырастоосун көз карандысыз булактан тактоо мүмкүн болгон жок. Кари Абубакирмин деген киши "Радио Маршаалга" "Лашкари-Жхангви ал-Алами" уюшмасы тууралуу буга чейин да маалымат берип келген. "Азаттыктын" 6-декабрдагы чабуулга ушул уюшманын тиешеси бар деген кабарынан кийин, башка маалымат каражаттары да ушул эле кишиден буга окшош маалымат алгандыгын айтып чыгышты.

Ал эми Кабулдагы жардыруудан кийинки абалды жөнгө салуу үчүн Европадагы сапарын токтотуп, мекенине кайткан ооган президенти Хамид Карзай бул чабуул боюнча "Пакистандын өкмөтү менен кабарлаша тургандыктарын" билдирди.

Фарзана Шейк Лондондогу Чэтхэм Изилдөө институтунун Пакистан боюнча билерманы. "Азаттык" менен маегинде ал "Лашкари-Жхангви ал-Алами" уюшмасы Пакистанды суни мамлекетине айландырууну көздөгөн Анжумани Сипахе Шаба деп аталган экстремисттик саясий партиядан "өнүп" чыкканын бышыктады.

Изилдөөчүнүн айтымында, бул партиядан бөлүнүп чыккан "Лакшар иЖангви" деген топ 1990-жылдары Пакистандагы эң коркунучтуу суни уюшмасы болгон. Миңдеген шийилердин канына забын болгондугу үчүн бул топко 2002-жылы тыюу салынган. "Лашкари-Жхангви ал-Алами" кийин мына ушул топтон бөлүнүп чыккан:

Бул уюшма Пакистандын түштүгүндөгү Пенжаб дубанынын Жхаң ооданынан чыккан. Бул жактан алар Пакистандын башка аймактарына, өзгөчө түштүк-батыштагы Балужистанга таркашкан. Балужистанда алар шийи хазараларына каршы бир катар кандуу чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышкан, - дейт Фарзана Шейк.

Анын айтымында, "Лашкари-Жхангви ал-Алами" убагында Пакистандын чалгын кызматтары менен тыгыз алакада болгон. Анын арты менен "Лакшар иЖангви" тобунун таасири Ооганстандын ал кезде талиптер бийлеп турган аймактарына таркаган. 2001-жылы талип режиминин кулашы бул топту Пакистанга чегинүүгө мажбурлады. Бирок байкоочулардын айтымында, бул топ бүгүн аймакта "ал-Кайиданын" ролун ойноп калды.

XS
SM
MD
LG