Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Ооган паспорту базарда сатылууда


Ооганстандын паспорту.
Ооганстандын паспорту.

Коррупцияны иштин көзүн билбеген жана жумушту жөндүү уюштура албаган жетекчилер жаратат.

Бул сөзгө Ооганстандагы паспорт тартыштыгы дагы бир далил болууда. Жаңы паспортту ырасмий жолдор менен ала албай кыйналган оогандар арачыларга акча төлөп, өздүгүн күбөлөгөн документтүү болгонго мажбур. Паспорт тартыштыгы бейынсап чиновниктерге катар кара базар үчүн да пайдалуу болууда.
Эгер жер-жерлерде паспорт берчү кеңселер болсо, адамдар башка жакка барбай эле тийишүү жардамды ала алмак.


Былтыр октябрда Ооганстандын паспорт менен камсыздоо агенттиги жарандарга паспорт жетпей жатканын билдирген. Андан төрт ай өтпөй оогандар бийликти паспортко болгон талап күч экенинен пайдаланып, өздүк документти ортомчулар аркылуу сатып, пайда көрүүдө деп күнөөлөштү. Азыр 1 миллиондон ашык ооган паспортко кезекте турат. Алардын бири өзүн Мухаммед деп тааныштырган Кабылдын тургуну. Ал бир нече жума бою кезек күтүп, ырасмий жол менен паспорт ала албагандан кийин көздөн учкан “жашыл китепчени ”400 долларга кара базардан сатып алган. Ал тийиштүү документтерди арачыга даярдап берген. Мухаммед кара базарда паспорт саткан ортомчуларды паспорт берчү кеңселердин башчылары өздөрү жалдап алган дейт:

-Биз бул жерге паспорт алганы келгенбиз. Паспортту мына бу мыйзамсыз соодагерлер сатышууда. Биз 20 миң же 25 миң афгани төлөмөйүн, паспорт ала албайбыз.

20 000 афгани 400 долларды чабат. Мухаммеддин айтышынча, кээ жерлерде паспорттун баасы 800 долларга чейин жетет.


Ооган актерлер "Министр" деп аталган комедияны тартуу учурунда. Кабыл. 2-август 2011
Ооган актерлер "Министр" деп аталган комедияны тартуу учурунда. Кабыл. 2-август 2011
Ички иштер министрлигине караштуу Паспорт агенттигин генерал Аюб Назири жетектейт. Ал агенттиктин кызматкерлери паспортту кара базар аркылуу сатууда деген кепти калпка чыгарып, кара базарда пайда табууну көздөгөн үчүнчү тарап иштеп жатканын айтат.

-Мен жарандарды паспортту үчүнчү тараптардан эмес, кеңсеге түз барып алганга үндөймүн,-деди генерал.- Жарандар мыйзамды жана өз укуктарын билиши керек. Бул эч ким алардан акча албаш керек дегенди түшүндүрөт. Алар муну билиши лаазим.

Генерал Аюб Назири 8-февралдагы маалымат жыйынында “Ортомчулар паспортту кайдан алды?” деген суроого ийинин куушуруп, жооп берген жок. Назири бирок паспорт былтыр ажыга барчу адамдарга жетпей калганын, паспортсуз жарандар Ирандан артка кайтарылганын мойнуна алды.

Ал эми Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын комитеттин башчысы Азизулла Лудин айрым чиновниктер жарандардан чоң акча алып, паспорт жасатып берип жатканын тастыктады.

Ордолуу Кабылда бир гана паспорт берчү кеңсе бар. Провинцияларда паспорт губернаторлор жана коопсуздук кызматтарынын башчылары тарабынан берилет. Ошондуктан паспортту жасоо жана сатуу алардын ыктыярында.

Доктор Лудиндин айтышынча, өкмөт паспорт берүүдөгү коррупцияны токтотуу бирдиктүү система түзүүнүн жолдорун караштырууда:

-Биз Ооганстанда жалпы улуттук паспорт системасын түзүшүбүз керек. Кимге паспорт керек болсо, ал элдин коопсуздугун камсыздлоого милдеттүү кайсы бир командирге же чоңго барбагандай болушу шарт. Эгер жер-жерлерде паспорт берчү кеңселер болсо, адамдар башка жакка барбай эле тийишүү жардамды ала алмак.

Финансы министрлиги 1, 4 миллион паспорт заказ берип, анын 35 миңи өткөн аптада Ооганстанга келгенин маалымдады. Эгер маанилүү бул иш ушул ыраатта жүрсө, муктаж оогандарды паспорттуу кылганга кеминде үч жыл керек болот.

XS
SM
MD
LG