Ооганстанда башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын миңдеген тарапташтары нааразылык митингине чыгышты.
Алар «добуштарды саноодо бурмалоолор болуп жатканын» айтып, нааразылыгын билдиришти. Демонстранттар президенттик сарайдын алдында, полициянын эскертүүсүнө карабай топтолушту. Абдулланын тарапташтары Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан үч жүз миңдей добушту жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Акциянын лидерлери алардын талаптары аткарылбаса, митингге чыгууну улантышарын айтышты. Президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн. Андан бери шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо эки жолу жылдырылган.
Шайлоого жалпысынан 15 талапкер ат салышканы менен негизинен Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла теңтайлашып, атаандашкан.
Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлгөн болчу. Бирок ошондон бери эле экөөнүн тиреши токтой элек.