25-марттын таңында согушкерлерден жана террорчу-жанкечтилерден турган топ ооган баш калаасындагы сикх азчылыгынын ибадатканасына чабуул койду.
Кеминде төрт киши мүрт кетти. Канча адам кол салганы белгисиз. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна «Ислам мамлекети» радикал тобу алганын «SITE Intelligence Group» уюму билдирди. Буга чейин талибдердин өкүлү алардын тиешеси жок экенин айтып жаткан.
Сикх азчылыгынын парламенттеги өкүлү Нарендер Халса ибадатканада таңкы сыйынууга барган 150дей киши болгонун, алардын арасында аялдар жана балдар көп экенин «Азаттыкка» маалымдады.
30 миллион калкы бар Ооганстанда учурда миңдей гана сикх жана индустар жашайт.