Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Алты перзентти жарыкчылыкка бир берген эне


Азыр балдарды атайын интенсивдүү жардам инкубаторунда кармап турушат
Азыр балдарды атайын интенсивдүү жардам инкубаторунда кармап турушат

Кечээ Ооганстанда Сара Гүл аттуу аял алты бала төрөдү. Жакырчылыктан жапа чеккен үй-бүлө наристелеринин келечегинен кабатыр.

Катары менен алты баланы төрөп, үрөйү учуп, дагы эле толугу менен өзүнө келе албай жаткан 22 жаштагы эне жакын арада көңүлү тынчыбай тургандай.

Шейшембиде таң эртелеп Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында Сара Гүл үч кыз, үч уул төрөдү. Төрөттөн анча деле кыйналбаганын айткан Сара бирок балдарын кантип эрезеге жеткизип, кантип багышты билбей турган чагы.

Көз жарган күнү ал журналисттерге сүйлөп жатып, кош бойлуу учурунда күйөөсү Шукрулла экөө эми алты баланы кантип бага алмак элек деп, атайылап боюнан түшүргөнгө да аракет кылып көрүшкөнүн айтты.

“Азаттыктын” ооган редакциясынын кабарчылары менен маегинде жаш эне эми жергиликтүү бийликтер да кол кабыш кылып турушат го деп үмүттөнүп турганын кошумчалады. Анан шаршембиде айрым алгачкы жардамдар түшө баштады.
Сара Гүл
Сара Гүл
Маселен, Мазари-Шарифте Сара Гүл ушул балдарын төрөгөн төрөткана 120 доллардай акча берди. Балх провинциясынын губернаторунун кеңсеси ага 1000 доллар беребиз деп убада кылды.

Жаш үй-бүлө жакын арада алты балалуу болоорун билгенден кийин, күйөөсү Шукруллага жумуш табылып калар бекен деп, айылдан Мазари-Шарифге көчүп келишкен.

Жакырчылыктын айынан ал боюнан алдыртып салууну да ойлонгон.

"Мен бир эле убакта алты балалуу болоорумду укканымда көңүлүм чөгүп кетти, атайылап боюмдан түшүргөнгө аракет кылдым – болбоду, - дейт Сага Гүл. - Ар кандай дарылардан ичтим, дубалдан секирип жыгылдым, бирок балдарга эч нерсе болбоду".

Азыр эми балдар төрөлгөндөн кийин да булардын оор социалдык абалы тез эле жакшырып кетпейт сыяктанат. “Биз аябай жакырбыз. Зарыл учурда догдурга бара албайбыз, жегенге жетиштүү тамагыбыз деле жок”, - дейт ал.

Дарыгерлер эненин да, балдардын да ден-соолугу жакшы экенин айтышты. Балдардын салмагы адаттагыдан бир аз азыраак экен, орточо ар бир наристе 700 грамм болуп төрөлгөн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG