Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:15

Азербайжандын президенти Шуша шаары алынганын жарыялады, Ереван ырастаган жок


Тоолуу Карабактагы Шуша шаары.
Тоолуу Карабактагы Шуша шаары.

8-ноябрда Илхам Алиев Азербайжан армиясы Тоолуу Карабактагы Шуша шаарын көзөмөлгө алганын жарыялады. “Интерфакс” басылмасы Азербайжан президенти элге кайрылуусунда “Шуша шаары армян оккупанттарынан бошотулду” деп айтканын кабарлады.

Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян 8-ноябрда «Фейсбуктагы» баракасына «Шушада салгылашуу уланууда. Биздин армияга ишенип, күтүп туруңуздар»-деп жазды.

Мурдараак расмий Ереван калаанын жанында «айыгышкан салгылашуу» жүрүп жатканын кабарлаган.

Шуша - Тоолуу Карабактын борбору саналган Степанакерттен 11 чакырым алыстыкта жайгашкан негизги шаарлардын бири.

1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.

XS
SM
MD
LG