Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Алишер Саипов: Арман коштогон 15 жыл


Алишер Саипов: Арман коштогон 15 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:31 0:00

Журналист Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.

2010-жылы анын өлүмүнө шектүү катары 20 жылга соттолгон жарандын күнөөсүз экени далилденген. 2012-жылы иш кайра жанданып, 2013-жылы декабрда токтотулган. 2019-жылы жанданган кылмыш иши быйыл кайра токтотулду.

Журналист курман болгон кезде болгону 26 жашта болгон. Ал “Америка добушунда”, “Азаттык” радиосунун өзбек кызматында, “Фергана.ру” маалымат агенттигинде, “Демос-таймс” жана өзү негиздеген “Сиёсат” гезитинде иштеген. Саиповдун ысымы Вашингтондогу Newseum маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган.

XS
SM
MD
LG