Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Таза аба үчүн соттошкон алматылык активист


Алматынын үстүндөгү абанын көрүнүшү.
Алматынын үстүндөгү абанын көрүнүшү.

Алматыда таза аба үчүн юрист Альнур Ильяшев шаардын акимиаты менен соттошууда.

Мамлекеттик «Казгидромет» агенттиги Казакстандагы абасы эң булганган шаар Алматы экенин аныктаган. Шаардын үстүндө жылуулук станцияларынан чыккан зыяндуу заттар, автоунаалар менен жеке менчик тамдарда көмүр жагуудан бөлүнүп чыккан ыш уюлгуп, кара түтүн каптап турганы жергиликтүү тургундарды да кооптондурууда.

Алматыда жашаган юрист Альнур Ильяшев мындай абал менен күрөшүүнү чечип, шаардык акимиат менен соттошуп жатат.

Ильяшев өз доосунда акимиаттан 2009-2018-жылга кабыл алган Айлана-чөйрөнү булганыч заттардан тазалоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырууну талап кылууда. Ал программада он жылдын ичинде шаарда абаны тазалоочу жабдуу орнотуу менен калаадагы жылуулук станциясын жаратылыш газына өткөрүү боюнча милдеттенмелер жазылган эле.

Альнур Ильяшев өкмөттүк программада кабыл алынган шарттар аткарылбай, акыркы жылдары Алматыны тескерисинче кара түтүн каптап кеткенин айтты:

Альнур Ильяшев.
Альнур Ильяшев.

- Доонун башкы максаты – бул мүшкүлгө коомчулуктун көңүлүн буруп, коомдук резонанс жаратуу. Муну карабай коюуга мүмкүн эмес. Бийликтин бул маселени чечүүгө ресурстары жетиштүү. Азыр 200 миллион долларга «Кокжайлау» лыжа базасын курганы жатышат. Эмне үчүн бул каражатка ТЭЦ-2де абаны тазалоочу жабдуу орнотууга болбойт?

Ильяшевдин акиматка койгон доосун Алматыдагы Бостандык райондук соту карап жаткан чагы. Шаардык бийликти сотко берген юристти жарандык активисттер колдоп, сот отурумдарына атайылап бет капчан келип жүрүшөт.

Ильяшев кийинки сот отурумуна Саламаттык сактоо министрлигинен адисти чакырып, абанын булганышынын шаар тургундарынын ден соолугуна тийген залакасы тууралуу айтып беришин, ошондой эле жылуулук станциясынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн так аныктоону талап кылып келет.

24-декабрдагы сот отурумунда Алматы акимиатынын юристи Надир Омаров шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик транспорттук инфраструктура куруп жатканын айткан.

Надир Омаров.
Надир Омаров.

- Доого биз макул эмеспиз, - деген ал. - Ал негизсиз, аны канааттандыруу керек деп эсептебейбиз. Акимиат экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш жүргүзүп жатат, иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Азыр шаардагы экологияга жакшы таасирин тийгизе турган транспорттук инфраструктура курулуп жатат. Жолдо автоунаа тыгыны азаят.

Надир Омаров акимиаттын 2009-2018-жылга кабыл алган Айлана-чөйрөнү булганыч заттардан тазалоо боюнча комплекстүү программасы 2011-жылы облустук кеңештин чечими менен жокко чыгарылганын билдирген. Ал эми Алматыдагы таза аба үчүн күрөшүп жаткан Альнур Ильяшев мындай чечим юстиция органдарында катталганын тактоону талап кылууда.

Декабрдын башында Астанадагы жыйында Алматынын акими Бауыржан Байбек абанын булганышы чоң мүшкүл болуп калганын моюнга алган болчу. «Кара түтүн дүйнөдөгү мегаполистердин баарын каптады, Алматы четте калган жок», деген аким. Шаар башчы Алматыны жашылдандыруу, сууну тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын, өкмөт ТЭЦ-2 станциясын модернизациялоо долбоорун карап жатканын кошумчалаган.

Алматыда таза аба үчүн күрөшүп жаткан юрист Альнур Ильяшевдин дагы бир талабы - ТЭЦ-2де Экибастуз шаарында өндүрүлгөн көмүрдүн ордуна зыяндуулугу азыраак деп эсептелген Караганданын көмүрүн колдонуу.

Буга жооп катары ТЭЦ-2 станциясына ээлик кылган «Алматы электр станциялары» мекемесинин экология боюнча инженери Рамил Галиев жылуулук станциясында жылына 2,3 миллион тонна көмүр жагыларын, Караганда көмүрдү мындай көлөмдө камсыз кыла албай тургандыгын билдирген.

Сотто Галиев ТЭЦ-2 боюнча техникалык-экономикалык долбоор иштелип чыгып, Энергетика министрлигине жөнөтүлгөнүн, долбоордо жылуулук станциясын 2020-жылга чейин жаратылыш газына өткөрүү пландалганын белгилеген.

Альнур Ильяшев акимиат менен экинчи ирет соттошууда. Мурункусунда юрист тынчтык митингдерин өткөрүүгө жергиликтүү бийликтин уруксат бербегенине каршы чыккан. Ильяшев Ички иштер министрлигин реформалоону талап кылган митингге уруксат алыш үчүн акимиатка 32 жолу арыз жазып, бирөөндө да уруксат ала алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG