Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

АКШ: Он миңдеген адамдар расалык теңсиздикке каршы жүрүшкө чыгышты


Ак үйдүн алдында өтүп жаткан митинг. 6-июнь, 2020-жыл.
Ак үйдүн алдында өтүп жаткан митинг. 6-июнь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда 6-июнда он миңдеген адамдар расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы демонстрацияга чыгышты.

Баш калаа Вашингтондо 25-майдан берки эң ири демонстрация өттү. Миңдеген адамдар шаар борборуна ар кандай ураандарды чакырып жүрүш жасашты. Ири акциялар Нью-Йорк, Филадельфия, Сиэтл, Чикаго жана Лос-Анжелес шаарларында да уюштурулду.

Бул президент Дональд Трамп мамлекет башына келгенден берки эң ири нааразычылык акциясы болуп калды.

Кошмо Штаттарда демонстрациялардын уланып жатканына 12 күн болду. Алардын башталышына ынды кара Жорж Флойддун өлүмү түрткү болду. Жасалма акча колдонууга шектелип кармалган Флойдду полиция кызматкери жерге жаткырып алып, тизеси менен муунткан. Флойд ооруканага жетпей жан берген.

Окуя катыштыгы бар төрт полиция кармалган. Ошол күнү башталган демонстрациялар айрым жерлерде талап-тоноо менен коштолду.

XS
SM
MD
LG