Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Антибиотиктер дартка даба касиетин жоготууда


Антибиотиктерге карата оору микробунун туруктуулугу артууда
Антибиотиктерге карата оору микробунун туруктуулугу артууда

Адамдын организми антибиотиктерди тоготпой калышынан улам 2050-жылга чейин дүйнөдө 300 миллионго чукул киши өлүшү мүмкүн дешет окумуштуулар.

Акылай бир нече жыл мурда кургак учук илдети менен ооруп, облустардагы ооруканалардын биринде дарыланган. Ал дарты өтүшүп кеткендерди өзүнчө бөлүп дарылашканын, бирок канчалык антибиотиктин күчтүүсүн сайса да таасир бербей калганын мындайча эскерди:

- Өзүм деле антибиотикти алгач сайганда аллергия болуп, шишип кетип, анан башка антибиотик тандашкан. Мисалы, айрым учурда абалы оор бейтаптарды бизден өзүнчө бөлүп, башка кабатта кармачу. Аларга цефозолин сыяктуу күчтүү уколдорду сайса да жакшы болбой, антибиотиктер такыр жардам бербей калганына күбө болгом.

Акыркы жылдары Кыргызстанда антибиотиктин бир канча түрү сатылганына карабай аны тоготпой калган илдеттер күч алууда дешет адистер. Бул илдеттердин башында өпкө кагыны турат. Бул тууралуу Улуттук кардиология илим изилдөө институтунун профессору Талантбек Сооронбаев айтып берди:

- Акыркы жылдары бизге өтүшүп кеткен өпкө оорулары менен көп келишүүдө. Дене табы көтөрүлүп, какырыгы ириң болуп, мындайча айтканда өпкөсүнө катуу суук тийгизип алган оорулуулар келет. Биз аларды карап, антибиотик дарыларды жазабыз. Айрымдарынын организми антибиотиктерди тоготпой калгандан улам биринчисин, экинчисин, анан эң эле күчтүүсүн жазып бергенге аргасыз болобуз. Ушундай кыйынчылык барган сайын көбөйүүдө. Азыр ошол пневмония оорусунан өлгөн адамдардын саны да көп кездешип жатат.

Чар жайыт соода - көйгөйдүн башы

Антибиотиктерди адам организми тоготпой калгандан улам 45 жыл ичинде дүйнө экономикасы 100 триллион зыян тартканы турат.

Лондон университетинин медициналык колледжинин окумуштуусу Майкл Хеддин айтымында, ВИЧ-СПИД сыяктуу жугуштуу ооруларды айыктыруу иши да ушул антибиотиктерди адам организми тоготпой калуудан улам татаалдамакчы. "Кыргызстандын элинин саламаттыгына да бул коркунуч олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал", - дейт пульмонолог-профессор Сооронбаев:

- Мунун эң башкы себеби дарыгерлер каалаган антибиотигин туш келди жазып бере берет. Антибиотиктер рецептсиз эле дарыканаларда сатылып жатат. Антибиотик оюнчук эмес, ал адистин сунушу менен гана колдоно турган дары. Бизде болсо бири-биринен сурап, "тигил дары жакшы, бул жакшы экен" деп эле чаржайыт колдонуша берет.

Ниязалиева: Жаңы жабдуулар керек

Европада антибиотиктерге карата туруштук бергендердин саны артканынан улам пневмония, ВИЧ, кургак учук жана безгек сыяктуу илдеттерди дарылоо кыйындап, 15 жыл ичинде мындай дарыларды Европа калкынын 40 проценти тоготпой калышы ыктымал дешет окумуштуулар.

АКШдагы Бостон университетинин саламаттык сактоо боюнча эксперти Кевин Ауттерсон адамдагы жугуштуу оорунун антибиотикке карата туруктуу болуп, микробдордун оңой менен өлбөй калуусун глобалдык поезд чынжырына салыштырды. Бул чынжыр 35 жылдын ичинде улам оорлой берет дейт ал.

Кыргызстандагы бул көйгөйдү чечүүнүн оңой жолу - жугуштуу илдет менен кайрылган бейтаптардын какырыгынан анализ алып, тез арада кайсы антибиотик туура келерин аныктай турган аппараттарды коюу.

Дамира Ниязалиева
Дамира Ниязалиева

- Кандай антибиотикти кайсы ооруга пайдаланса болот деген суроого жооп берүү үчүн сөзсүз түрдө манипуляциялар жасалышы керек. Тез арада кайсы антибиотикке кандай микробдор туруштук бере алар- албастыгын аныктай турган жабдууларды ооруканаларга коюу зарыл. Анткени азыр антибиотиктер чын эле аябай көп да. Анан кайсы ооруга кайсы антибиотик туура келерин так аныктай турган иш-чараларды жүргүзүшүбүз керек. Мына ушундай изилдөө жүргүзүү үчүн азыр мамлекеттик ооруканаларда жабдуулар жок. Жок болгон учурда дарыгерлер, албетте теориялык билимдин негизинде гана антибиотикти сунуштайт эмеспи, - деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева

Антибиотикти туура пайдалануунун беш жолу

Жан кыйналып, ооруп турганда догдур эмне дары жазса да адам аны алууга макул. Ошентсе да антибиотик дарыларды ашыкча иче берип, организмдин илдетке каршы туруштук берчү мүмкүнчүлүгүн өлтүрүп албоо үчүн Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу департаменти төмөнкүдөй кеңештерди сунуштайт:

  1. Антибиотиктерди врач жазып берген рецепт менен гана алуу керек. Ар бир адамдын организми ар башка. Адис болбогон киши сунуштаган антибиотикти туш келди колдоно берүүнүн кесепетинен ар кандай аллергиялык, ал тургай дем алуу органдарын бүтөп калчу квинке шишиги сыяктуу оорулар келип чыгышы ыктымал. Андыктан антибиотикти адистин рецепти менен гана алуу зарыл.
  2. Бир кишиге жазылган антибиотикти башка бир киши менен бөлүшүп ичүүгө болбойт. Дарыны маалы менен белгиленген саатта гана ичүү зарыл. Бир күнү ичип, экинчи күнү унутуп кайра уланта берүү да организмдеги жугуштуу оорунун микробун азайтпай эле көбөйүшүн шарттайт.
  3. Бир ирет ооруп калганда дарыгер жазып берген антибиотикти ичип, айыккандан кийин андан ашып калгандарын кийинки жолу ооруп калганда колдонууга болбойт. Ашып калган бардык дарыларды жок кылуу зарыл.
  4. Жугуштуу ооруларды жеке эле антибиотикти ичип эмес, анын алдын алуу менен деле дарыласа болот. Жакында эле америкалык окумуштуулар бейтаптарга доктурлар суук тийгенде антибиотик жаза берүүнү токтотуу зарылдыгын айтып чыгышты.
  5. Кандайдыр бир ийне менен сайылчу антибиотик болсо аны сайдырардын алдында териге азыраак бөлүгүн кое берип, организмдин реакциясын сынап көрүү керек дешет адистер.

Антибиотиктерге оору микробунун туруктуу болуп калуу себебин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму изилдеп, Австрия, Австралия, Канада, Франция, Жапония, Норвегия, Словения, Түштүк Африка жана Британияда жылына болжол менен 106 миллион киши гонорея илдетин жуктуруп, антибиотиктердин күчү жетпей калгандан улам көпчүлүгү айыкпай жатканын билдирет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG