Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү

Апрель ыңкылабына беш жыл

Мурдагы президент Бакиевдин режимин күч менен алмаштырган Апрель окуясына беш жыл толду. Кандуу окуяларда жүзгө чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Буга байланыштуу бүгүн президенттин катышуусунда бир катар иш-чаралар болмокчу. Ала Тоо аянтында мамлекет башчынын катышуусу менен митинг болот.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчы митингде сөз сүйлөйт. Андан кийин президент Атамбаев 7-апрелде окко учкан 87 кишинин сөөгү жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүнө барып, эскерүүгө катышат. Апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлат. Аягында Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында апрель окуясынын курмандыктарынын арбактарына багышталып куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулган. Бийлик алмашуусун, авторитардык режимдин бузулуусун талап кылып Ак үйдүн алдына чыккан элге карата ок атылып, 87 киши набыт болгон.

Жалпысынан Бишкек, Талас, Нарын шаарынан кошкондо 812 адам жаракат алган. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 млн. сомдон компенсация, батир берилген.

11:47 7.4.2015

Оштогу эскерүү

11:44 7.4.2015

"Азаттыктын" архиви: Апрель сотунун өкүмү чыкты

25.07.2014: Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулгандуу саналган сот процесcи соңуна чыкты. Үч жарым жылга созулган ишти баштан аяк судья Дамир Оңолбеков карады. Андагы материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. 300дөн ашуун адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашты. Мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 прокурор тартылган.

Апрель сотунун өкүмү чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:38 0:00

11:39 7.4.2015

11:37 7.4.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG