Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:29
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү

Апрель ыңкылабына беш жыл

Мурдагы президент Бакиевдин режимин күч менен алмаштырган Апрель окуясына беш жыл толду. Кандуу окуяларда жүзгө чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Буга байланыштуу бүгүн президенттин катышуусунда бир катар иш-чаралар болмокчу. Ала Тоо аянтында мамлекет башчынын катышуусу менен митинг болот.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчы митингде сөз сүйлөйт. Андан кийин президент Атамбаев 7-апрелде окко учкан 87 кишинин сөөгү жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүнө барып, эскерүүгө катышат. Апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлат. Аягында Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында апрель окуясынын курмандыктарынын арбактарына багышталып куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулган. Бийлик алмашуусун, авторитардык режимдин бузулуусун талап кылып Ак үйдүн алдына чыккан элге карата ок атылып, 87 киши набыт болгон.

Жалпысынан Бишкек, Талас, Нарын шаарынан кошкондо 812 адам жаракат алган. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 млн. сомдон компенсация, батир берилген.

00:14 7.4.2015

Канкорлор кармалбаган беш жыл

Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдин бийлигинин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын мүдөөсү аткарылдыбы деген суроого жооп издөөгө туура келет.

Мындан туура беш жыл мурда Бакиевдин бийлигинин огу 86 азаматтын өмүрүн кыйган. Кандуу апрелде каза болгондорду эскерип жатып, алардын мүдөөсү аткарылдыбы деген суроого жооп издөөгө туура келет. Ыңкылаптын себеп-натыйжалары, созулган апрель соту, мекенинен безген канкор

Бакиевдер жана баркы кеткен “Апрель Баатырлары” тууралуу “Ыңгайсыз суроолор”телепрограммасы атайын иликтөө жасады.

Канкорлор кармалбаган беш жыл (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

Канкорлор кармалбаган беш жыл (2-бөлүк)

Канкорлор кармалбаган беш жыл (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:35 0:00

Канкорлор кармалбаган беш жыл (3-бөлүк)

Канкорлор кармалбаган беш жыл (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:29 0:00

09:41 7.4.2015

09:56 7.4.2015

10:05 7.4.2015

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG