Президент Алмазбек Атамбаевдин Ала Тоо аянтында өткөн эскерүү митингинде сүйлөгөн сөзү
Беш жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок, ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири болгон.
Ошол күнү 88 жараныбыз курман болгон. Бирок, андан кийин өткөн беш жылдын ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!
Азыр арабызда ошол 7-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар турат. Катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдигиңиздер үчүн баарыңыздарга таазим кылам!
Ошол каргашалуу күнү «Ала-Тоо» аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок!
7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!
Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көкжал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз элибиз менен!
Албетте, беш жыл мурда эл майданга чыкпай эле койсо болмок дегендер аз эмес. Мурдагы бийликти эңсеп, аларга мурдагыдай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минскиден тапшырма алып, ал жердеги канкорлорго байма-бай барып, керек болсо тойлорунда ырдап, бийлеп жүргөндөр да бар. Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды башаламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес.
Убагында өлкөбүздү тоноп, эми болсо элибизге күйүмүш болгондор андан көп. Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деп, элибизге, жерибизге күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр да аз эмес!
Сасык макала, калп китеп жазгандар, канкорлорду актап-жактагандар мындан көп.
Мекендештерим менин!
Алданбагыла бул бузукуларга! Булардын ким экенин унутпагыла! Булардын негизги максатын унутпагыла! Аркасында ким турганын унутпагыла!
Өткөндү унуткандар өз келечегине балта чабат!
(Президенттин сайтынан алынып, кыскартылып берилди)