Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү
Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү

Апрель ыңкылабына беш жыл

Мурдагы президент Бакиевдин режимин күч менен алмаштырган Апрель окуясына беш жыл толду. Кандуу окуяларда жүзгө чукул адамдын өмүрү кыйылган.

Буга байланыштуу бүгүн президенттин катышуусунда бир катар иш-чаралар болмокчу. Ала Тоо аянтында мамлекет башчынын катышуусу менен митинг болот.

Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекет башчы митингде сөз сүйлөйт. Андан кийин президент Атамбаев 7-апрелде окко учкан 87 кишинин сөөгү жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүнө барып, эскерүүгө катышат. Апрель окуясынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлат. Аягында Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында апрель окуясынын курмандыктарынын арбактарына багышталып куран окулат.

2010-жылы 7-апрелде мурунку президент Курманбек Бакиев бийликтен куулган. Бийлик алмашуусун, авторитардык режимдин бузулуусун талап кылып Ак үйдүн алдына чыккан элге карата ок атылып, 87 киши набыт болгон.

Жалпысынан Бишкек, Талас, Нарын шаарынан кошкондо 812 адам жаракат алган. Курман болгондорго “Апрель баатыры” деген наам, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1 млн. сомдон компенсация, батир берилген.

13:00 7.4.2015

Бир катар коомдук уюмдар апрель окуясынан кийинки беш жылдан берки аралыкта жасаган иш-аракеттери тууралуу маалымат берүүсүн талап кылып, Убактылуу өкмөттүн он төрт мүчөсүн аянтка чакырууда.

Ак үйдүн алдында боло турган митингге апрель окуясынын катышуучулары, жарандык активисттер чогулган.

Бишкек. 7-апрель
Бишкек. 7-апрель

Митингге чогулгандар
Митингге чогулгандар

13:02 7.4.2015

13:37 7.4.2015

13:58 7.4.2015

Жалал-Абадда апрель окуясын эскеришти

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG