Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Апта: Түйшүктүү тышкы саясат, күүлөнө баштаган партиялар...


Орус-өзбек президенттери Москвадагы жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаалды да талкуулашты. 2010-жылдын 20-апрели.
Орус-өзбек президенттери Москвадагы жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаалды да талкуулашты. 2010-жылдын 20-апрели.

К. Бакиев Минскиге барганы айкын болду. Убактылуу өкмөт 27-июнда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум белгиленерин билдирди. Саясий партиялар активдеше баштады.

Татаал тышкы саясат

Кыргызстан 7-апрелдеги окуядан кийин өзүнө келе элек. Убактылуу өкмөт бир эле учурда бир нече багытта иш алып барууга мажбур болууда. Бул Конституциялык реформа жана шайлоого даярдык көрүү, коопсуздукту камсыздоо, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Өлкөнүн тышкы саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүндөгү чектөөлөр өкмөттү ого бетер түйшүккө салган маселелерден болуп турат. Чектөөлөр болсо мунай затынан Россиядан дээрлик 100% көз карандысыздыктан, жүз миңдеген мигранттардын жүрүшүнөн , АКШдан болсо финансылык таңсыктыктан, кошуналардан соода жана тышкы чыгуу мүмкүнчүлүк алар аркылуу болуп жатышанан пайда болууда.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тышкы саясат жүргүзүүдө кандай басым астында калып келгени азыркы мезгилде айкын болууда. Бакиевдин айтымында, Россия жетекчилери Дмитрий Медведев жана Владимир Путин “Манастагы” АКШнын базасын такыр чыгаруу талаптарын койгон:

- Мен жана орус президенти Дмитрий Медведев, өкмөт башчысы Владимир Путин ортосунда сөз болгон. Алар айтышкан, базаны эмне үчүн кармап турасыңар, ал бизге жага бербейт дешкен. Мен ал базада Россияга коркунуч келтире турган курал-жарактар жок, кооптонууга негиз жок экенин айтканмын. Бирок кандай болгондо да орус жетекчилигине Кыргызстанда базанын турушу жаккан эмес. Мына ушул фактор өзүнүн ролун ойноду.

Убактылуу өкмөт үчүн АКШнын базасын чыгаруу оңой эмес. Ал эми чыгарбоо күйүүчү май таңсыктыгы, маалыматтык чабуул, мигранттарындын шартынын начарлашы, ал эмес чагымчыл жагдайлар менен коштолуусу мүмкүн.

Кыргызстандык эксперт Элмира Ногойбаеванын пикиринде, Кремль Кыргызстанга аскер киргизүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүдө. Ал үчүн алгач маалыматтык чабуул, анан экономикалык кысым, соңунда аскер киргизүү аракети менен байкалууда.

Белгилүү болгондой орус президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандагы россиялыктарды коргоону өзүнүн коргоо министрлигине тапшырган...

Ал эми Россиянын кызыкчылыгын коргоп келген Александр Князев сыяктуу кишилер “Кыргызстанга сырттан башкаруу киргизилиш керек” деген пикирлерди айтып, даярдык иштерин жүргүзүүдө...

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Москва Кыргызстандын тышкы саясатын өзүнө толук баш ийдирип алууну көздөп жатат:

- Эми колдон келсе байлап алайын деп эле турат. Кырдаал да ошого ыңгайлуу болууда. Мына бул жерде жарандык согуш болуп кеткени жатат, анан орустарды уруп атат, кубалап атат деген сөздөрдү чыгарышып, эптеп бир аскер күчтөрүн киргизиш керек болуп жатат жанагы Россиянын Кыргызстандагы обьектилерин коргош үчүн деген. Кыргызстанда болсо Канттагы эле базасы бар. Ал эми торпедо сынай турган полигондо алардын кишилери деле жок. Ошондуктан булардын баары шылтоо экени көрүнүп турат. Негизги максат региондогу таасирин күчөтүү.

Ал эми мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатты улантууга тийиш деген пикирде:

- Ошол эле АКШ болобу, Россия болобу, Кытай болобу биздин кичинекей мамлекет чындыкты айтып сүйлөш керек. Анан карталарды ачыш керек. Мына бүгүнкү күнү Россия менен мындай кызыкчылыгыбыз бар. Ошол Россиянын ордун АКШ толтура албайт. Россияда жарым миллион кыргыз жүрөт. Алар эки бюджет алып келип, канча бала-бакырасын, ата-энесин багып жатат. Муну эсепке кантип албайбыз? АКШда жаштарыбыз окуп жатат. Аны эсепке кантип албайбыз? Же болбосо бүгүнкү Кытайдын экономикалык факторун караңыз, биздин чакан жана орто бизнес ошол жак менен иштеп жатат. Аны кантип эсепке албайбыз? Иши кылып, ар бир мамлекет боюнча кылдаттык менен биздин кандай кызыкчылыктар эмне бар экенин тактап чыгыш керек. Анан ошону таразага салыш керек. Таразага салгандан кийин өзү эле көрүнөт. Ошого жараша анан саясат жүргүзүш керек. Анан бүгүн америкага жагынам, же Россияга жагынам, же Кытайга жагынам деп чуркап барса, алар деле ачык айтканда баарын көрүп турат.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, Борбор Азия Россиянын чеңгелинен чыгып барат. Маселен, Түркмөнстан, Өзбекстан газын Кытайга чыгарууга жол ачылып, Москва монополист болуудан калды. Тажикстан менен Кремлдин мамилеси ойдогудай эмес. Мындай шартта Кыргызстан аркылуу Борбор Азияга таасир этүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп турат.

Тарыхый тандоого ыңгайлуу шарт

7-апрелден кийин Кыргызстан үчүн бир жагынан тең салмактуу бийлик системасын куруп, келечек үчүн аттанууга жол ачылып турат. Андай бийлик системасынын негизи боло турган Конституциянын долбоору 26-апрелде калктын талкуусуна коюлары кабарланды.
Азыркы мезгилде парламенттик башкаруу системасын курууга Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинде басым коюлуп жаткан менен бул системаны теңдөө жагы да талкууга түшүүдө. Парламенттик системада да бир партия өкмөттү жана парламентти көзөмөлдөп, натыйжада диктаторлуктун дагы бир көрүнүшү пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселеси орчундуу болууда.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бул маселелер Конституциянын долбоору жарыяланган соң айкын боло баштайт:

- Бул парламенттик система бизге ылайыктуу болобу деген суроого Конституция долбоору жана Шайлоо кодекси жарыяланып, талкуу болгондон кийин так айтууга болот. Анткени бийликтин үч бутагынын максат негизи эмнеде болот? Бул демократияда. Жөнөкөй жаранды бийликтин өкүмзордугунан сактоодо болот. Эң негизги мааниси ушул. Кандай негизде? Укук менен адилеттүүлүк негизинде. Ошого карап демократиянын системасы түзүлөт.

Убактылуу өкмөттүн ичинде бир нече саясий топтор бар. Алар азыр президенттик жана парламенттик шайлоого бирдиктүү же өз алдынча барууну чече элек. Бул маселе талкууда. Ал эми кадр дайындоодо бул топтор чыныгы жарышты көрсөтүштү.

Азыркы мезгилге карай социал-демократтар кайсы бир деңгээлде үстөмдүк кылышууда. Алар Бишкек, Баткен, Ош, Ысык-Көл жана Чүйдү жетектөөгө өз кишисин койду. Убактылуу өкмөттө дагы алар алдыңкы орундарда.

Убактылуу өкмөттөгү кадр дайындоодогу алешемдик же шашкалактык Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин дайындоодо да байкалгандай болду. 21-апрелде БШКнын төрайымына дайындалган “Атуулдук коом корупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова 23-апрелде ал кызматтан баш тартты. Анын себебин Исмаилова мындай түшүндүрдү:

-Бир четинен ушул БШК мүчөлөрүн он жылдан бери эле көрүп жатышат. Ушунчалык коррупция болгонун. Аппарат айтат ушулар жасап жатат коррупциянын баарын тең деп. Бир четинен БШК мүчөлөрү аппарат ушундай коррупцияланган деп атат. Же жаңы аппаратты түзөлү десек, Ишенбай Кадырбеков келип алып айтат, “Бул 6 киши киши аябай таланттуулар, булар иштеши керек” деп.

Белгилүү болгондой Ишенбай Кадырбеков учурда Өмүрбек Текебаев менен биргеликте шайлоо маселесин тейлеп жатат.

Төлөкан Исмаилованын сөзүн “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова мындай бышыктады:

- Анан кийин бул мурдагы эле режимдин калдыктары, кайталанмасы болуп атпайбы. Экинчи жактан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жылдыруу, көрсөтүү да ачык болгон жок. Кандай чен-өлчөм менен 7 партия өзүнүн талапкерлерин жөнөтүп атат? Калган партиялар эмнеге катышпай калып атат, деген суроо туулуп атат.

Ал эми Убактылуу өкмөттө шайлоо жагын тейлеп жаткан Өмүрбек Текебаев буга карата мындай жообун берди:

-13 мүчөнүн 12си бар. Алар кагаз жүзүндө макулдуктарын беришкен. Жоопкерчилик менен бул миссияны аягына чейин чыгарат деп мен аларга толук ишенем. Анын баары биздин Жогорку Кеңештин канцеляриясында турат. Ким кайдан, кайсы партиялардан жылгандыгы боюнча. А Төлөйкан Исмаилова өзү макул болуп келген. Мен бир-эки күн мурун өзү менен жеке сүйлөшкөм.

Шайлоону өткөрүү мезгили айтылганга жараша өлкөдөгү саясий күчтөрдүн кыймылы да активдеше баштады. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да ич ара убадаларын улам бекемдеп, ким-ким менен кетерин аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Азыркы мезгилде Социал-демократтар менен “Ата Мекен” партиясы өтө күчтүү позицияга ээ. Биринчиден, алар бийликте. Демек демилге колдо. Экинчиден, бул партиялардын өлкөнүн региондорунда күчтүү өкүлчүлүктөрү бар.

Бул партиялардан сырткары “Ак шумкарын” Темир Сариев таптап жатса, Азимбек Бекназаров “Асаба” партиясын кайрадан колго алып, өз алдынча туу көтөрүүнү болжоп жатат. Бул партиялардын ар бири Исмаил Исаковдун аларга кошулушуна кызыкдар. Ошол мезгилде Исаковго мурунку “Жаңы Кыргызстан” партиясы жат эместигин билдирип жатканы маалым.

Булардан сырткары башка саясий партиялар жана күчтөр активдеше баштаганы да маалым. Азыркы мезгилде “Ата Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Арзыбек Бурканов даярдыгын күчөтүүдө.

Ушундай эле даярдыкты Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров жана башка саясатчылар жүргүзүүдө.

Ошондуктан келе жаткан шайлоодо кырчылдашкан кармаш болоору айкын болууда.




  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG