Арменияда жаңы баш кошкон түгөйлөр Георгий менен Татев Кантариялардын бири дарыгер, экинчиси медайым. Алар бал айын өздөрү эмгектенген ооруканада өткөрүп, COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоого киришти. Жубайлар “үй-бүлөлүк турмуш али алдыда” дешет.