Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Армян бийлигин сестенткен сегиз күн


Еревандагы нааразылыктын катышуучулары, 28-июнь, 2015
Еревандагы нааразылыктын катышуучулары, 28-июнь, 2015

Ереванда өтүп жаткан электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы нааразылык акциясы жарым-жартылай токтоду.

“Тоноого жол жок” деп аталган кыймыл өкмөткө конкреттүү сунуштарды жасоо үчүн экономист, юрист, эксперттерден турган атайын топ түзө турган болду. Митингчилердин ийге келишине бийлик “Армениянын электр тармактары” компаниясынын бааны жогорулатуу себебин иликтөөгө макулдук бериши түрткү болду.

Ереванда электр энергиясына тарифтер кымбатташына каршы чыккандар 30-июнда борбордук Багряман проспектисинде сегизинчи түндү тосту. Демонстранттардын бир тобу "Эркиндик" аянтына көчүү сунушун четке кагып, "Баграмян, Баграмян" деп кыйкырып турушту. Мунун алдында полиция күч колдонот деген сөздөрдөн улам митингчилердин бир тобу "Эркиндик" аянтына көчкөн эле.

30-июнда эртең менен Ереван полициясынын башчысынын орун басары Валерий Осипян жол тосуп отургандар менен жолугушуп, аларды дагы бир жолу шаардын башкы көчөсүн бошотууга чакырды, бирок андан майнап чыккан жок.

Андан көп өтпөй армян полициясынын башчысы Владимир Гаспарян өзү да бул жерге келип, демонстранттар менен жолугушту. Нааразылык акциясында отурган жаштарга кайрылган полиция башчысы жаштар өлкөнүн келечеги экенин, полицияда нааразылык акцияны токтотуп коюуга күчү да, каражаты да жетиштүү экенин, бирок жаштарды сындырып коюуну каалабастыгын айтып, демонстранттарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырды.

Шейшембиде эртең менен Баграмян көчөсүндө коомдук талкуу да өтүп, Фейсбук аркылуу жаңы демилгелүү топторду түзүп, билдирүүлөрдү таратып туруу сунуштары айтылды.

"Тоноого жол жок" кыймылынын лидерлеринин бири Вагинак Шушанян “Эркиндик” аянтындагы акцияда кыймылдын мындан аркы аракеттерин жарыялады:

- Биз күрөштүн башка баскычына өтөбүз, бирок ошол эле учурда көчө күрөшү тууралуу унутпайбыз. Биз каалаган учурда кайра көчөгө чыгып, жети күн жана жети түн турган Баграмян проспектисин кайра жаап коё алабыз. Биздин бул жерде турганыбыз өз жемишин берди жана берип жатат. Бийликтер артка жарым кадам жасады, бирок биз алдыга кадам жасаган жокпуз.

Шушанян ошондой эле азыр "Армян электр тармактары" компаниясына эл аралык аудит жүргүзүүгө катышуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

"Күрөш көчөдө гана болбойт. Эгер биз көчөдө тура берсек, көчөдө кала беребиз. Бул кайра кагылышууларга алып келиши мүмкүн", - деген активист тарифтер кымбатташына карышылык тынчтык жолу менен гана уланарын билдирди.

Ушундан соң "Эркиндик" аянтындагы акция токтотулганы жарыяланды. Бирок борбордук Багряман проспектиси дале жабык.

Электр кубатына баанын 16% жогорулашына каршы Еревандагы акция 23-июндан бери күнү-түнү уланып келди.

19-июнда башталган митингди бийликтер күч менен таратмакчы болуп, 23-июнда полиция чогулган элге суу аткан. Бул тополоң учурунда полиция 200гө жакын кишини кармап кеткени да кабарланган. Бирок ошол эле күнү кечинде нааразылык акциясы кайра жанданып, ошондон бери күн-түн дебей уланды. Аянтка күн сайын жок эле дегенде 5-6 миңге чейин, кээде он миңден ашуун адам чогулуп жатты.

Арменияда электр энергиясына тариф 1-августтан тарта киргизилмекчи болуп жаткан баа менен 16 пайыз көтөрүлсө, бул 10 центтен ашыгыраак акчаны чапчып, же кыргыз сомуна оодарганда бир киловатт электр энергиясы 6 сомдун тегерегинде болуп калмак. Бул Орусиянын өзүнө караганда да алда канча кымбат. Армян электр тармактарына Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат.

Адегенде армян өкмөтү митингчилердин талабы аткарылбасын жана тарифти көтөрүү чечими артка кайтарылбасын айтып жаткан. Бирок күн-түн дебей уланган нааразылыктардан улам армян бийлиги Армян электр тармактары компаниясына аудит жүргүзүп, бааны 16 пайызга көтөрүүнүн себептерин иликтөөгө макул болду. Бул учурда тарифтерди көтөрүү токтотулуп турмакчы жана мындай текшерүү үч айдан жарым жылга чейин убакытты алары айтылууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG