Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

Армения Баш мыйзамын өзгөртмөй болду


Армениянын парламенти. 5-октябрь, 2015-жыл
Армениянын парламенти. 5-октябрь, 2015-жыл

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Арменияда 6-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча элдик референдум өткөрүлмөкчү.

5-октябрда парламент Баш мыйзамга толуктоолорду киргизип, парламенттик системага өтүү демилгесин колдоду. Кечээги добуш берүүдө 103 депутаттын үчөөнөн башкасы реформаларды жактап, үчөө гана калыс бойдон калышты.

Долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары Улуттук жыйын же парламентке өткөрүлөт жана президентти жалпы эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайламакчы. Коллегия парламент депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн куралат. Президент бир да партияга мүчө боло албайт жана бир эле киши бул кызматка бир жолу гана шайланат.

Ошондой эле президенттин бийлик мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сунуш кылынууда.

Конституциялык реформалар боюнча атайын комиссиянын мүчөсү, депутат Вардан Погосян добуш берүүнүн алдында билдиргендей, мыйзам чыгаруучулар менен фракциялардан түшкөн жүздөгөн сунуштардан президент Серж Саргсян үчүн ылайыктуу жоболор гана иргелип алынган.

Армения президенти Серж Саргсян
Армения президенти Серж Саргсян

- Президентти шайлоо үчүн төрттөн үч деген өтө жогору босого каралган. Бул сунушту «Оринац еркир» фракциясы киргизген. Улуттук жыйында көпчүлүккө жетишилбесе, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт.

Погосян буга чейин айтылып келген тынчсызданууларду орунсуз деп белгилеп, чет өлкөлүк жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануусуна болот, деген жободон баш тартышканын билдирди. Демонстрация өткөрүү эркиндиктери жаатында комиссия алдын ала уюштурулбаган митингдер үчүн бийликке күн мурунтан эскертүү жөнөтүү шарт эмес деген жобону киргизүүнү чечти.

Долбоорго ылайык, премьер-министрди президент дайындайт, талапкерлерди болсо парламенттеги көпчүлүк көргөзөт.

Согуш чыгып кетсе, премьер өкмөткө баш ийген Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп калат.

Өкмөт башчыга ишенбөөнү дайындалганына бир жыл болгондон кийин гана билдирсе болот. Погосяндын айтуусунда, бул кабинеттин туруктуулугун камсыздамакчы.

Конституцияга толуктоолор киргизилсе, парламент азыркыдай эле беш жылга, бирок жалаң пропорционалдык система боюнча шайланат. Мажоритардык система жоюлмакчы. Андан тышкары долбоордо мыйзам чыгаруучулардын санын 131ден 101ге чейин кыскартуу каралууда.

Эмки парламенттик шайлоо Арменияда 2017-жылга, президенттик болсо 2018-жылга белгиленген.

Парламентте добуш берүү өтүп жаткан кезде бир катар оппозициялык топтор нааразылык акцияларын уюштуруп, конституциялык реформага каршылыгын билдирип келишти.

Парламент депутаты, мурдагы премьер-министр Грант Багратян Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин төңкөрүш аракети катары сыпаттайт. Анын ырастоосунда, анын арты бардык чөйрөлөрдө артка жылууга алып келмекчи.

«Парламенттик республика» же «реформа» деген сөздөргө жамынып алып, жумуриятты жок кылып атабыз. Мамлекет кала берет, бирок республика жоюлат. Режим Илхам Алиев же Нурсултан Назарбаевдей болуп үч же 4-мөөнөт жөнүндө ачык жарыяласа, чынчыл болмок", - деген экс-премьер конституциялык толуктоо-түзөтүүлөр оппозициянын ансыз да чектелген ролун мындан да азайтарын белгилейт.

- Мыйзам жарандардын 18 негизги эркиндиктерин чектейт. Маселен, 1995-жылкы Конституцияда ар бир жарандын турак жайга укугу бар деп жазылган. Бүгүнкү Баш мыйзамда коомдук кызыкчылыкка дал келсе, батириңерди тартып алууга болот деп айтылат. Мына ушундай жоболордон кийин реформалар элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүүдө, деп кантип айтышат? Бул маскаралоого тете, - дейт мурдагы премьер-министр Грант Багратян.

Багратян жаңы Конституция өлкөдөгү экономикалык кырдаалды өзгөртүүгө салым кошоруна да ишенбесин кошумчалайт.

XS
SM
MD
LG