Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Армениядагы "эгиз инаугурация"


Полиция Ереванда оппозициянын лидери Раффи Ованнисянды токтоткон учуру, 9-апрель, 2013
Полиция Ереванда оппозициянын лидери Раффи Ованнисянды токтоткон учуру, 9-апрель, 2013

Армениянын президенти Серж Саркисян экинчи президенттик мөөнөтүнө расмий киришти. Бирок шайлоодо жеңилгенин моюнга албаган саясатчы Раффи Ованнисяндын тарапкерлери ушул эле күнү «альтернативдүү инаугурация» өткөрүштү.

Еревандагы расмий инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө кайрадан шайланган мамлекет башчы Серж Саркисян өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүндөгү башкы максаттарды белгиледи.

- "Алдыдагы беш жылда мен жумуриятыбыздын жана улутубуздун экономикалык өнүгүшүн номур биринчи приоритет деп атайм, - деди президент. - Армения туш болуп жаткан проблемалардын баары ушунда. Мен үч негизги багытты атайын: миграция, жумушсуздук жана жакырчылык".

Саркисян Тоолуу Карабак жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салууга мурдагыдай эле “артыкчылык берилээрин” билдирип, муну өзүнүн тышкы саясаттагы башкы милдети деп атады.

Армениянын кайра шайланган президенти Серж Саркисяндын ант берүү учуру, 9-апрель, 2013
Армениянын кайра шайланган президенти Серж Саркисяндын ант берүү учуру, 9-апрель, 2013
- "Тышкы саясатта Тоолуу Карабак боюнча бир мунаса, жыйынтыкка келмейин, ал жерде тынчтыкка жетишүү ишине артыкчылык берүүнү уланта беребиз", - деди ал.

Азербайжандын армяндар отурукташкан сепаратисттик аймагынын айланасында Армения менен Азербайжандын жаңжалы 20 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келатат.

Саркисян 18-февралдагы президенттик шайлоодо ага колдоо көргөзгөндөргө ыраазычылыгын да айтты. Ал добуштардын 58% ашыгыраагын алып жеңген. Атаандашы, оппозициялык «Мурас» партиясынын лидери Раффи Ованнисян 37% добуш менен марага экинчи болуп келгени айтылган эле. Ованнисян өзү шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныган эмес жана "оппозициянын добуштары уурдалды" деп билет.

Ошондуктан бүгүн Ереванда анын тарапкерлери расмий инаугурацияга атаандаш “альтернативдүү ант берүүнү” өткөрүштү.

Раффи Ованнисян миңдеген жактоочуларынын алдында ант берип, Саркисяндын кызматка расмий киришкенин “легитимсиз” деп атады.

- "Полиция, укук коргоо органдары, мыйзамсыз буйрукту аткарууну токтоткула! Билесиңер, ушул күндөн баштап, ар бир буйрук мыйзамсыз", - деди ал полицияга кайрылып.

Ереванда шейшемби күнү эки башка инаугурация коопсуздук күчтөрүнүн катуу кайтаруусунда өттү. Оппозициянын миңдеген тарапкерлери президенттик резиденция жайгашкан аймакты аралап, жөө жүрүш өткөрүүнү каалашкан, бирок полиция аларга жол берген жок.

Митингден кийин оппозициянын лидери Ованнисян “Азаттыктын” армян редакциясынын директору Харри Тамразяндын суроолоруна жооп берди.

- "Эртең таң алды менен биз жаңы Арменияда ойгонобуз. Раффи ал жерде болбошу мүмкүн, Серж, Карекин же башкалар болбошу мүмкүн, анткени биз баарыбыз пендебиз, түбөлүк жашабайбыз. Биз тарыхта гана калышыбыз мүмкүн. Бирок Армениянын келечеги биздин перзенттерибизге, неберелерибизге калат. 18-февраль күнү Армениянын келечегине ишенген адамдарга калат", - деп, өзү шайлоодо жеңилген эмесмин деген күндү атагансыды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG