Атилла: Кыргызстанда калгым келет
27 жаштагы Атилла Гүвен Түркиянын Ван шаарында төрөлгөн. Азыр Кыргыз-түрк "Манас" университетинде 2-курстун студенти. 1930-жылдары Атилланын чоң аталары Чоң Алайдан Ооганстанга көчүп кетишкен. 1978-жылы орустар Ооганстанга киргенде Түркияга карай жөнөп, 1982-жылдан тарта Ван шаарына жайгашып калышкан. Тарыхый журту жөнүндө чоң энесинен көп уккан Атилла Кыргызстанды көрүүнү максат кылып, 2012-жылы Бишкекке "Манас" университетине окууга келген. Ал өлкөнүн бардык дубандарын кыдырып чыгып, кыргыз балдарга түрк тилин акысыз үйрөтүп жүрөт. Атилла Кыргызстанда калгысы келет.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды
-
Январь 21, 2026Немис канцлердин партиялашы Раушан