Бийлик өкүлдөрү өзгөчө кырдаал режимин киргизип, туристтик каттамдарды жаап, айрым аймактарда аюуларды атууга уруксат берген.
Красноярск крайында аймактык Жаратылыш ресурстары министрлигинин үстүнөн шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясы боюнча, мекеме аюу санын жөнгө салуу үчүн жетиштүү чара көргөн эмес.
Орусиянын Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү күрөң аюу саны 1990-жылдан бери эки эседен ашык көбөйүп, дээрлик 308 миңге жеткен. Алардын 26 миңдейи Красноярск крайын байырлайт.
Мергенчи Михаил Кондаков "Рейтердин" кабарчысына айтып бергендей, абал ал жашаган Енисейский районунда гана эмес, бүтүндөй аймакта кооптуу болуп калды:
“Бир чоң трагедияны баштан кечирдик. Эки аял козу карын тергени кеткен жеринен киши жеген аюунун курмандыгы болуп калды. Жергиликтүүлөр суранып, аңчылар өз демилгебиз менен атайын топ түзүп, жырткычтарды атууга кириштик”.
Сөз болгон кайгылуу окуя Подтесово кыштагында катталган. 31-августта 67 жаштагы Зоя Губанова менен 73 жаштагы Галина Тетерина козу карын тергени токойго жөнөп, ошол бойдон кайтып келген эмес. Кийин алардын сөөгү табылган. Тергөөчүлөр эки аял тең аюунун колунан каза болгон деп эсептешет.
Бул окуя төрт миңге жакын калкы бар кыштакты дүрбөлөңгө салды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, аюулар мурда да көрүнчү, бирок мынчалык көп санда эмес. Азыр адамдар кечинде көчөгө чыгуудан коркуп, балдарын сыртка жалгыз жибербей калышты.
"Маркум Зоя токойду беш колундай билчү. Жаз келип, күн жылыганда жапайы чөптөрдү тергенге кетчү. Менимче, аюулар канчалык кооптуу экенин жакшы түшүнгөн эмес. Дээрлик эки айдан бери коркуп жашап жүрөбүз. Кечинде сейилдеп баса албай калдык. Балдарды мектепке чейин жектирип, анан тосуп алабыз. Бул – оюнчуктай жумшак, момун аюу эмес", - деп кеп салып берди Юлия Маркова.
Подтесово бул көйгөйгө туш болгон жалгыз аймак эмес.
Сибирдин башка жерлеринде да аюулардын эл жашаган жерлерге чейин кирип барган учурлары жүздөп катталууда.
Хакасияда бул жапайы жаныбарды көзөмөлдөө үчүн дрондор колдонулууда.
Красноярск шаарында аюулар көрүнгөндөн кийин мектептер менен бала бакчалардын айланасына кошумча күзөт коюлган. Айрым райондордо тургундарга кечинде жана таңга маал сыртка чыкпоого кеңеш берилген.
Бул кырдаал туризмге да таасир этти.
Август айында Алтай Республикасында 29 жаштагы турист Снежана Королева аюунун кол салуусунан каза тапкан. Түн ичинде аюу аны чатырдан сүйрөп чыгып, токойго алып кеткен. Бул окуя өлкө боюнча чоң резонанс жаратып, бийлик Турочак районунда аюулардын санын жөнгө салуу боюнча атайын чараларды киргизди.
Андан кийин Алтайдагы, Байкал көлүнүн айланасындагы жана башка популярдуу туристтик маршруттар убактылуу жабылган.
Аюулар эмне үчүн адамдарга жакындай баштады?
Адистер мунун бир нече себебин аташат. Алардын бири - жаныбарлардын санынын көбөйүшү.
Андан тышкары быйыл Сибирдин көптөгөн аймактарында аюулардын негизги азыгы болуп эсептелген мөмө-жемиштер менен карагай жаңгагы аз болду. Тамак тартыштыгынан улам аюулар жаңы азык издөө үчүн айыл-кыштактарга жакындай баштаган.
Буга кошумча токой өрттөрү, дарактарды кыюу жана тайганы өздөштүрүү алардын табигый жашоо чөйрөсүн кыйла чектеп жатат.
Адистер адамдардын өздөрүнүн жүрүм-туруму да көйгөйдү күчөтүп жатканын белгилешет. Атап айтканда, аюуларды таштанды төгүлгөн жайлар, тамак-аш калдыктары жана туристтик лагерлер өзүнө тартат. Убакыт өткөн сайын алар адам жашаган жерлерден азык табууга болорун түшүнүп, бул жактарга улам көбүрөөк келе баштайт.
Маселени кантип чечүү керек деген маселе талаш жаратууда.
Көптөгөн аңчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аюулардын санын жөнгө салуу үчүн жырткычтарды атуу иштерин колдошот.
Айрым зоологдор мындай чара кыска мөөнөттө коркунучту гана азайтышы мүмкүн экенин айтышат.
Бирок жаныбарларды коргоочулар күрөң аюуларды жапырт атууга каршы. Алардын айтымында, бул көйгөйдүн негизги себептерин жойбойт. Тескерисинче, таштандыларды өз убагында жыйнап туруу, аюулар кире албаган контейнерлерди орнотуу жана адамдар менен жапайы жаныбарлардын байланышын азайтуу зарыл.
Айылдыктар кар түшүп, аюулар кышкы уйкуга кеткенде коркунуч азаят деп үмүт кылышат.
Шерине