Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Ырысыбыз тоодой, жоопкерчилигибиз чоң


"Манас" эпосуна арналган көргөзмөдөн сүрөт, Бишкек шаары
"Манас" эпосуна арналган көргөзмөдөн сүрөт, Бишкек шаары

Урматтуу мекендештер!

Бай тарыхыбызда элибизге далай майрамдар кирген, бирок кылым карыткандары аз. Алардын ичинде 23 жыл мурда колубузга тийген көз карандысыздыктын күнү - эң улуу майрам. Байыркы мезгилдерде эчендеген күчтүү элдер жаралган, бирок алардан бүгүнкү күнгө жеткендери аз. Өтмүштөрү кыргыздардыкындай ондогон элдер чачылып, башкаларга сиңишип, аттары калган менен өздөрү калбай жок болушту. Биз кандай оор сыноолорду баштан өткөрбөйлү, 23 кылымдан кийин кайра жаралып, өз мамлекетибизди куруп жатабыз. Ата бабаларыбыздын да сөөктөрү агарып, арбактары биз менен кошо сүйүнүп жаткан болсо керек. Алардын кылымдардан бери аткарылбай келген тилектерин ишке ашырып, күнкорсуз Кыргыз мамлекетинин туусун көтөрүү биздин ырысыбызга туш келди.

Биз ушул ырыска, ушул жоопкерчиликке татыктуу болушубуз керек. Ырысыбыз тоодой, жоопкерчилигибиз андан чоң. Көйгөйлөр да көп. Ааламдашуу, дүйнөнүн саясий картасын өзгөртүү аракеттери эгемендүү өлкөлөрдү кыйынчылыктарга тушуктуруп, айрымдары бөлүнүп-жарылып жаткандыгын көрүп жатабыз. Биз ынтымак, биримдик, улуттук жана эгемендүү мамлекетибиздин кызыкчылыктарын жогору коюп жашап, иштесек гана түбөлүктүү Кыргыз мамлекетин кура алабыз.

Мамлекетибиздин келечеги кең, өрүшү байсалдуу болсун!

Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!

Мирлан Дүйшөнбаев, Бишкек шаарынын тургуну

XS
SM
MD
LG