Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Мен кесипти кантип тандадым?


Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү
Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү

Азыркы маалымат доорунда болочок кесипти тандоодо жардамга келчү булактар миңдеп саналат. Жөндөм, шыкты өнүктүрө турган окууга барасыңбы, же маселени ата-эне, туугандар чечишеби? Кыргызстанда кайсы кесип ээлерине талап күчтүү, канткенде болочок диплом өзүңө да, коомго да пайда алып келе алат?

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кесип тандоого арналган дилбаяндарга сынак жарыялайбыз. Эң кызыктуу жазылган эки баяндын автору 25 миң сомдук байге менен сыйланат. Автор өзүнүн ысымын, кайсыл мектепти бүтүрүп жатканын, дарегин кошуп жазып коюсу талап этилет.

Дилбаяндар июль айынын ортосуна чейин кабыл алынат.

Электрондук дарегибиз: webeditor@rferl.org

Почта аркылуу салчуларга: Бишкек шаары, Бөкөмбаев көчөсү 177а, "Азаттык" радиосу. Индекс 720077

Телефон: +996 (312) 316153; +996 (312) 316156; +996 (312) 316082

Катка сөзсүз "Кесип тандоо сынагына" деп жазып коюуңарды өтүнөбүз. Эссе бир жарым барактан ашпасын.

"Азаттык" радиосунун жамааты

XS
SM
MD
LG