Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Эгемендиктин 25 жылдыгын өнүккөн өлкөдө тособуз


Бразилия: Оскар Нимейердин архитектуралык долбоору боюнча курулган Конгресс сарайы
Бразилия: Оскар Нимейердин архитектуралык долбоору боюнча курулган Конгресс сарайы

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу кыргыз калкым!

Ардактуу алатоолуктарым!

Биз быйыл кудайдын буйругу менен мамлекеттүүлүккө жеткен эгемендигибиздин 23 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул күн чынында бизге оңой эле келди. Өз алдыбызча мамлекет болуп калганыбызга бир да Кыргызстандын жараны салым кошкон жок. Атүгүл ыраматылык Жумгалбек Аманбаев сыяктуу саясатчылар учурунда ГКЧПны колдоп турушкан. Акаев болсо башын ийкегенден башка иш кылган эмес. Бизге караганда тагдырдын таш боор буйругу менен согуштан кайра элибизге келе албай калган айрым агаларыбыз, маселен Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу жана башкалар Кыргыз элинин эгемендиги үчүн ачык маалымат билдиришип, ошолор күрөшкөн. Мына ошентип бир ок атылбай, бир тамчы кан төгүлбөй келген көз карандысыздыгыбызды өткөн 23 жылда барктай албадык. Мурунку эки бийлик саясий дагы, экономикалык дагы, социалдык дагы жактан тескерисинче өлкөбүздү башкаларга көз каранды кылып коюшуп, азыркы күндө башка жерге хан сарай салып, бөлөк элде кол куушуруп жүрүшөт. Бирөө болсо бир тууган агасынын зыйнатына да келе алган жок. Алардын чырмалышкан отоо чөптөрүнөн арыла албай кыйналып турабыз. Ал отоо чөптөр бизге деле оролуп калган экен, эми биз дагы быйылкы кыштан кантип чыгабыз деп башыбыз маң болууда. Көрсө табыяттын тааталдыгы деген болот турбайбы.

Бирок бизде эң башкы байлыгыбыз болгон кайратман жана чыдамкай кыргыз жана бизге көнгөн башка улуттагы элдерибиз бар. Кайра-кайра эле ыңкылап кылуу адатынан арылып, болуп жаткан кыйынчылыктарды быйыл биргелешип жеңип чыксак, анда сөзсүз Кыргызстан эртеңки күнү дүйнөдөгү гүлдөгөн өлкөнүн бири болот. Биз башкаларга жүгүнбөй, алардын баарысын суктанткан мамлекет болобуз. Себеби бизде жерибиз, суубуз, кен байлыктарыбыз жана акыйкат башкарган бийлигибиз бар. Мен кыргыз элин, өзү шайлаган бийлигин ар дайым уккан, улуусун урматтаган, кичүүсүн ызаат кылган, кызын сыйлаган, элдерди укмуш сыйлаган улут катары ар дайым урматтап келем.

Экинчиден мыйзамдуу ишке өтмөйүнчө эч качан оңолбойбуз. Мына Жогорку Кеңеш эгемендик тарыхыбызда үчүнчү жолу өз мөөнөтүнө чейин иштегени калды. Президент дагы алты жыл толук иштеши керек. Демек ар бир шайланган адам, убагы келгенге чейин иштемейинче бизде эч качан тартип орнотулбайт. Бир гана Турсунбек Акун өз милдет укугуна кирбеген маселени айтам деп шайланган мөөнөтүнө чейин иштебей өзүнө өзү ор казып алды. Албетте, ката кетирген, кылмыш кылгандарды жумушунан бошотуп, камап турбасак, анда кантип коррупция менен күрөшөбүз.

Быйылкы 31-августу Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы менен, түштүк аймагыбызды газсыз тосуп жатсак, 2017-жылы мен сиздер менен бирге 31-августу ар бир кыргызстандыктардын үйүн газдуу кылган абал менен тосом деп терең ишенемин. Биз мындай өнүгүүгө сөзсүз жетишебиз.

Дагы бир жолу Улуу Эгемен күнүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктаймын.

Күмөндөр Усуптегин, Нарын.

XS
SM
MD
LG