Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

"Азаттыктын" каарманы Жибек үйгө жетти


"Азаттыктын" каарманы Жибек үйгө жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:16 0:00

Күйөөсү менен Нижне-Серафимовкадагы майыптар жана карылар үйүндө жашап, уулун аргасы жок балдар үйүнө берген Жибек Сагынбекова тууралуу "Азаттык" радиосу тасма тарткандан кийин анын турмушу өзгөрүп, үйлүү болду. Бир жыл мурун даярдалган тасмада Жибек наристесин өз колуна алып багуу үчүн мамлекеттен батир сураган эле. Тагдыр сыноосуна моюн сунбаган Жибектин ишеними менен келечекке умтулуусун колдогон кайрымдуу адамдар эки жума мурун үй сатып беришип, жаш үй-бүлөнү зор кубанычка бөлөштү.

XS
SM
MD
LG