Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Ошто азиздер үй жана иш сурашты


Маалымат жыйын курган азиздер.

20-августта Ош шаарында көзү азиздер журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, алардын көйгөйүнө жана укуктарына көңүл бурулбай жатканын айтып чыгышты.

Оштогу маалымат жыйынга чогулгандардын бири — 60 жаштагы Тыныбек Шакировдун 12 жыл мурда көзү көрбөй калган. Ал турак жайдан кыйналган майыптар көп экенин айтып, «Өкмөт жеке менчик курулуш компанияларга жер берип, аларды ар бир көп кабаттуу үйдөн бир-эки батирди майыптарга бөлүп берүүгө милдеттендирсе», - деген сунуш киргизди.

Тыныбек Шакиров.
Тыныбек Шакиров.

«Өзүбүздүн ичибизде жана коомдо көйгөйлөр аябай көп. Биринчиси — мамлекет тарабынан жумуш менен камсыз кылуу, экинчиси — турак жай. Үй жөнүндө сурасаң «жер жок, акча жок» деп турушат. Жок дегенде ошол курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн майыптар үчүн бир бөлмөлүү батирден берсин. Курулушчуларга да сооп иш болмок, өкмөт да турак жай маселесин чечмек. Жылына 10-15 үй салынса, 10-15 адам үйлүү болуп калмак».

Шакиров майыптар үчүн ипотека берилбей жатканын айтып, «өкмөт жок дегенде насыяга акча берүүнү колго алса», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Шайлоо алдында эске түшкөн майыптар

Ал эми үч баланын атасы Жамгырчы Абдыкалыков — үч жыл шаарда жашап, каражаттын тартыштыгынан жакында эле айылга көчүп кеткен. Өзүнүн, аялынын, бир баласынын да көзү көрбөйт.

Жогорку окуу жайын аяктап, математика мугалими болгонуна карабай алты жылдан бери жумушсуз. Ал майыптар шайлоо алдында гана эске түшүп, берилген убадалар аткарылбай жатканына токтолду.

Жамгырчы Абдыкалыков.
Жамгырчы Абдыкалыков.

«Бийликке баргандан кийин, бизди эле эмес башка элди да унутуп коюшат. Учурда көзүнүн көрүүсү начар адамдар үчүн келтирүүчү реабилитациялык борборлор жок. Биз ошого муктаж болуп турабыз».

Майыптардын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шайлоо алдында берген убадаларын аткарбай койгон.

Жогорудагы айтылган маселелерден сырткары, майыптар балдары бала бакчага бара албай жатканын, кесиби барлары ишке кире албай, мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу аракети жоктугун кошумчалашты.

Жергиликтүү бийлик көзү азиздердин айткандарынын баарына макул эмес. Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев шаардагы майыптар ишке орношуп, батирлер берилген учурларды мисалга тартты.

«Калыбына келтирүүчү борбор боюнча пландар болгон, бирок ишке ашырыла элек. Анар кичи районунда дирекция тарабынан курулган көп кабаттуу үй көзү азиздерге гана эмес, жалпы майыптар үчүн берилген. Ош шаардык мэриясы турак жай маселесин чечүүгө аракет кылып жатат. Чечилип калса, куруп берет».

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн бири.

Абдуллаев айтып жаткан көп кабаттуу үйдү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция курган. Кийин үй бөлүштүрүүдө жасалма «документтер болгон» деген жүйө менен атайын кызмат кылмыш ишин козгогон.

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун түштүк аймагы боюнча жетекчиси Эшболот Карабаев маалымат жыйын кургандар менен жолугуп, алардын көйгөйүн уккан.

«Союз маалында көзү азиздерге тамак бышырганды, сыртта басып-турганды үйрөтүшчү эле. Азыр андай колдоо жок. Социалдык программаларга эч ким каражат бөлбөйт, мисалы өкмөт бербейт. Биз болсо өкмөттүк эмес уюмбуз. Жашоо-турмуш оор, буларда пенсиядан башка киреше жок. Келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп берип жатабыз».

Түштүк аймагы боюнча Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун тизмесинде учурда 3600дөн ашуун адам бар. Ош шаарынын өзүндө 600дөй адам катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG