Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

“Хотбөрд” сигналын кабыл алуудагы саал өзгөрүү


“Хотбөрд” жасалма жандоочусу - "Азаттык" үналгысынын шериги.
“Хотбөрд” жасалма жандоочусу - "Азаттык" үналгысынын шериги.

Урматтуу замандаштар! “Хотбөрд” жасалма жандоочусу аркылуу “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн угуңуздар!


Урматтуу угарман!

Эгерде Сиз “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн “Хотбөрд” (HotBird) жасалма жандоочусу (сателлити) аркылуу угуп жаткан болсоңуз, анда сигнал кабылдагычыңыздагы сандык көрсөткүчкө бир аз өзгөртүү киргизүүңүз зарыл.

Кабылдагычтагы аудио берүүнүн Audio Pid деп аталган өздүк көрсөткүчүн табыңыз, андагы сандарды 1322 деп оңдоп коюңуз.

Ошондо сиз экрандан “Азаттык” үналгысынын аталышын окуй аласыз.

Кайталайбыз: “Audio Pid” деген жердеги сандык көрсөткүчтү 1322 деп оңдоп коюңуз.

Сиз сигнал кабылдагычты өчүрүп кайра күйгүзсөңүз да жетиштүү.

Ушул түзөтүүнү мүмкүн болушунча тез арада жасаңыз, болбосо бир нече күндөн кийин биздин сигналды “Хотбөрд” жасалма жандоочусунан таба албай каласыз.

Эсиңиздерге сала кетели, тек гана аудио берүүнүн “Audio Pid” деп аталган өздүк көрсөткүчүндөгү санды өзгөртүү зарыл, башка көрсөткүчтөр мурдагысындай кала берет.

Эгерде бул өзгөртүүнү киргизүүдө кыйынчылык келип чыкса, анда техник адистерден кеңеш сураңыз же сигнал кабылдагычтын китепчесин окуп чыгыңыз.

“Азаттык” үналгысынын берүүлөрүн “Хотбөрд” жандоочусу аркылуу да угуңуз!

XS
SM
MD
LG