Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Түркия 13 жаранын ПКК жоочулары өлтүргөнүн жарыялады


Түркиянын аскер учагы (иллюстрация)
Түркиянын аскер учагы (иллюстрация)

Түркия бийлиги күрт козголоңчулар уурдап кеткен 13 түрк жаранынын сөөгү Ирактын түндүгүнөн табылганын жарыялады. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар маркумдардын сөөгү террорчу уюм деп табылган Күрт жумушчу партиясынын жоочуларына каршы аскердик жортуулдун жүрүшүндө үңкүрдөн табылганын 14-февралда билдирди.

Жоочулардын колунан набыт кеткендердин тек-жайы такталууда.

Түркиянын чыгышындагы Малатя вилайетинин акими Айдын Баруш (Aydın Baruş) набыт болгондордун онунун ким экендиги тастыкталгандыгын, дагы үч кишинин өздүгү такталып жаткандыгын маалымдады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн 13 түрк жараны үчүн Түркияга көңүл айтты жана террордук иш-аракетти терең айыптады.

Аскердик чара учурунда колго түшкөн жоочулар туткундагы 13 түрк жараны түркиялык жоокерлер Ирактын түндүгүндөгү аймакка кирээр алдында өлтүрүлгөнүн айтып беришкен. Сөөктү текшерүү маалында куралсыз түрк жарандарынын 12си башка атып өлтүрүлгөндүгү, бирөө далысына ок тийип набыт кеткени аныкталгандыгы кабарланды.

Ирактын Гара аймагындагы түркиялык аскер жортуулунун маалында ПККнын 48 жоочусу (анын ичинде алардын эки-үч жетекчиси) "нейтралдык абалга келтирилди" , деди министр Акар. Бул сөздүн артында алардын өлгөнү, жаракат алганы жана туткундалгандыгы жалпыланып туюнтулат. Бирок Акар мырза эки жоочу туткунга түшкөнүн да кошумчалады.

Түркиялык жоокерлердин үчөө курман болуп, дагы 3 жоокер жаракат алганы да кабарланды.

Акардын айтымында, шаршембиде (10-февралда) башталган беш күндүк "Чеңгелдүү Бүркүт-2" (Pençe Kartal-2) аскердик өнөктүгү маалында Түндүк Ирактагы Гара аймагында 50дөй террорчулардын уюгу саналган жайлар, анын ичинде курал-жарак жана жардыргыч заттар катылган үңкүр кампалары жок кылынган соң, түркиялык жоокерлер өз өлкөсүндөгү өргүү жайына кайтып келишти.

Бир кезде марксисттик уюм катары СССРден ырааттуу колдоо тапкан Күрт жумушчу партиясын (ПКК) Түркия, АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар өлкөлөр террорчул уюм деп тааныган.

XS
SM
MD
LG