Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

"AstraZeneca" вакцинасынын натыйжалуулугу 79 пайызды түзгөнү жарыяланды


"Astra Zeneca" вакцинасы. Жалпы сүрөт.
"Astra Zeneca" вакцинасы. Жалпы сүрөт.

Коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасын Оксфорд университети менен биргелешип жасаган британдык-шведдик өндүрүүчү ишкана америкалык изилдөөлөргө таянып, өз вакцинасынын натыйжалуулугу 79 пайызды түзгөнүн жарыялады.

АКШдагы изилдөөгө 30 миң ыктыярчы катышкан. Алардын үчтөн экисине вакцина сайылса, калгандарына бейтаптын организмин сынаш үчүн айыктырчу өзгөчөлүгү жок плацебо сайылган.

Анын жыйынтыгында вакцина бардык курактагыларга, анын ичинде улгайгандарга карата натыйжалуу болуп чыккандыгы айгинеленген.

Бул изилдөөгө таянып, "AstraZeneca" компаниясы өз вакцинасынын натыйжалуулугу жогору экендигин билдирүүдө.

"AstraZeneca" вакцинасы соңку учурда көңүл борборунда болууда.

Буга чейин бир катар өлкөлөр дал ушул эмдөө заты кандын уюусун (тромб) пайда кылат деген шектенүүдөн улам "AstraZeneca" вакцинасы менен эмдөөнү токтоткон.

Бирок жакында Европанын Дары-дармек агенттиги иликтөө жүргүзүп, вакцинаны “коопсуз жана натыйжалуу” деп тапкан.

Британдык-шведдик компания Оксфорд университети менен биргеликте иштеп чыккан бул дары зат дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө каттоодон өтсө да, АКШ аны колдонууга уруксат бере элек.

XS
SM
MD
LG