Сексен адам жасалма аракка ууланып көз жумду
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул делген окуяны иликтөө маселесинде мунаса табалбай, туңгуюкка кептелди. "Фейсбук" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг жалган маалыматка каршы туруш үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн, чет элдик кийлигишүүгө жана социалдык түйүндө “жек көрүүчүлүктү жайылтууга” жол бергенин мойнуна алды. АКШнын Орусияга өткөн жумада киргизген санкциялары рублдин кунун түшүрдү. Рублдин артынан казак теңгесинин да наркы төмөндөп жатат. Индонезияда жасалма аракка ууланып өлгөндөрдүн саны сексенден ашты.
Чыгарылыштар
-
Апрель 01, 2026Ирандагы согуш эки-үч жумада токтойбу?
-
Март 30, 2026Пентагон Иранда жердеги операциясын баштайбы?
-
Март 26, 2026Пикири үчүн соттолгон Жээнтаев абактан чыкты