Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бакуда журналист Исмаилова эркиндикке чыкты


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Азербайжанда "Азаттыктын" азери редакциясы менен кызматташкан журналист, жети жарым жылга кесилген Хадижа Исмаилова абактан чыкты.

Азербайжандын Жогорку Cоту журналист, "Азаттыктын" азери редакциясы менен кызматташкан Хадижа Исмаилованын жети жарым жылдык мөөнөтүн үч жыл шарттуу кесимге өзгөрткөндөн кийин абактан бошотууну буюрду. Соттун бул чечими шаршембиде Исмаилованын арызы кабыл алынгандан кийин чыкты.

Абактан чыккан Хадижа Исмаилованы тосуп тургандар

Өткөн жылы журналист көз боемочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш өлкөлөрү жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Ильхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү үчүн куугунтукка кабылганын айтып, анын эркиндикке чыгышын талап кылып келишкен.

Бир нече күндөн кийин Азербайжанда жумурият күнү белгиленүүдө. Майрамды утурлай адатта массалык мунапыс берилет. Бейөкмөт уюмдар 27-майда өлкөнүн 40 шаарында 40 жашка толуп жаткан Исмаилованы колдогон акцияларды өткөрүүнү пландап жатышкан.

XS
SM
MD
LG