Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Азербайжан: БШК Ибрагимбековду каттаган жок


Рустам Ибрагимбеков КМШдагы белгилүү сценаристтердин бири
Рустам Ибрагимбеков КМШдагы белгилүү сценаристтердин бири

27-августта Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозиция көрсөткөн Рустам Ибрагимбековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты.

74 жаштагы белгилүү кинодраматург, сценарист Рустам Ибрагимбековду июль айында оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши президенттикке бирдиктүү талапкер катары көргөзгөн.

Өткөн аптада анын документтери Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлгөн. Комиссия Ибрагимбеков акыркы 10 жылда Азербайжанда туруктуу жашабаганын жана Орусиянын жараны болгонун айтып, аны каттабай койду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 10 жыл ичинде Ибрагимбеков Азербайжанда 1 миң 163 күн өткөрүптүр.

БШКнын “Умид” партиясынын атынан мүчөсү Игбал Агазаде "Ибрагимбековдун арызын четке кагуу туура эмес, Орусиянын президенти, айталы, эртең аны жарандыктан чыгарышы мүмкүн",- дейт.

Талапкердин комиссиянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, апелляциялык сотко кайрылууга укугу бар.

Оппозициянын митинги, 18-август, 2013-жыл
Оппозициянын митинги, 18-август, 2013-жыл
Рустам Ибрагимбеков советтик жана орусиялык кинонун классикасына айланган “Чөлдөгү аптап”, “Күндөн талыкшыгандар” жана башка тасмалардын автору. Режиссер Никита Михалков тарткан “Күнгө талыкшыгандар” фильми Оскар сыйлыгына да татыган. Ибрагимбеков көп жылдардан бери Москвада жашайт.

Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңешинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мехман Алиевдин айтымында, бийликтин бирдиктүү талапкерге бут тосору алдын ала эле күтүлгөн:

- Демократиялык күчтөр Ибрагимбековду президенттикке көрсөтөрү менен ага каршы кампания башталды. Азербайжандын кинематографисттер союзундагы финансылык көз боёмочулукка жол берилген деген шылтоо менен кылмыш иши козголду. Азербайжанга келсе, камакка алынат деп эскертишти. Анонимдүү коркутуп-үркүтүүлөр түшүп жатты. Кош жарандуулугу катталышына тоскоолдук болот деп күтүлгөн. Бирок справка даярдаган москвалык юристтер биздин жана эл аралык мыйзамдарга таянып, Рустам Ибрагимбековдун башка мамлекет алдында милдеттенмелери жок, аны президенттикке талапкер кылып көрсөтүү мыйзамга каршы келбейт деген тыянакка келишти.

Алиевдин айтымында, кол топтоо 9-сентябрда аяктайт. БШКнын чечимин талашуу үчүн да убакыт жетчүдөй эмес.

Эми оппозиция бар аракетин башка бирдиктүү талапкери - мурдагы депутат, тарыхчы Жамил Гасанлыны каттаттырууга жумшаганы жатат. Белгиленген мөөнөткө чейин 60 шайлоо чөлкөмүнөн 40 миңден кем эмес кол чогултууга тийиш. "Бирок ага да тоскоолдуктар түзүлбөйт деп эч ким кепил боло албайт", - дейт Алиев.

- Документтерди чогултуп өткөргөн күнү да топтолгон колдор жарактуу эмес деп айтып же башка шылтоо табышы мүмкүн. Анда окуялар башка нукта өнүгөт. Шайлоону бойкоттоо, анын жыйынтыгын тааныбоо өңдүү чаралар көрүлүшү ыктымал. Биздин экинчи талапкерибизди катыштырбоо аракеттерин жокко чыгарбайбыз. Жамил Гасанлыны аңдый башташты, ага психологиялык кысым көргөзүлүүдө. Андыктан алдыда дагы кыйынчылыктарга туш болчудайбыз жана биз аларга даяр турабыз.

Бүгүнкү күнгө карай БШК 16 талапкердин документтерин каттады.

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын атынын чыккан президент Илхам Алиев үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышмакчы.

XS
SM
MD
LG