Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Азербайжан: кулчулуктагы кытайлар


Чиркейден коргонуш үчүн айрым бөлмөлөрдө "пашанакаларды" салып алышкан
Чиркейден коргонуш үчүн айрым бөлмөлөрдө "пашанакаларды" салып алышкан

Энергия булактарына бай Азербайжанга иш издеген мигранттар агыла баштады. Анткен менен, көпчүлүгүнүн жумуш шарты адам чыдагыс экени айтылууда.

“Мингячевир” гидроэлектростанциясын курууга Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түрмөдөгү 10 миңдей немис жумушчулары тартылышкан эле.

Андан бери 70 жылдан ашуун мезгил өтүп, эми ага кайрадан чет өлкөлүк арзан жумушчу күчү тартылууда. Бул жолу кулчулуктун шартындагы ишке кытайлыктар келишти.

Кура дарыясында орун алган “Мингячевир” ГЭСи - Азербайжандагы эң ири гидроэлектростанция. Энергия булактарына бай жумуриятта аны колдонуу да өскөндүктөн, үч жыл мурда ГЭСтин мүмкүнчүлүгүн кеңейтиш үчүн кошумча миллиондогон доллар акча бөлүнгөн. Аны жаңылоого кытай корпорациясы тартылды. Жумушчулар азыр топ-тобу менен күнү-түнү алмашып иштөөдө. Арасында каттоого алынбаган мыйзамсыз мигранттар да көп.

ГЭСтин негизги имаратынын артында жарым-жартылай бузулган күрөң-саргылт түстөгү төрт кабаттуу жатакана бар. Станциянын 130дай жумушчусу - эркеги да, аялы да бар – ушул жерде жашайт жана жумушка канча убакытка келген болсо, ал бүткөнчө бул аймактан чыгууга акысы жок. Алар адатта үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө келишет.
Жекшембиде бул имараттын айланасында эч ким көрүнбөдү. Ичине киргенде эле канализациянын туруп калган суусунун буруксуган жыты мурунга урат. Узун далис менен жүрө бергенде айрым бөлмөлөрдө телевизордун үнү, башкаларында чымын-чиркейдин ызылдаганы, дагы бирөөлөрүндө уктап жаткан кимдир бирөөнүн коңуругу угулат.

Ушундай начар шарттарда жашаган мигранттар бирөө жарымга көрүнүп калыштан коркуп калышкан. Кабарчыбыз котормочу менен барганда да кытайлык жумушчулар өздөрүнүн бул жердеги жашоосу тууралуу көп сүйлөгүсү келбей турушту. Алар реконструкция иштериндеги эң эле оор жумушка, көбүнчө таш коюп, оор жүк ташыган ишке тартылышыптыр. Дем алыш күн деген жок, кошумча сааттарда да иштешет. Жумушчулардын бирөө бизге айткандай, алар түнкү саат 3:00кө чейин иштеген күндөр болду.

Алардын ишине көз салган жетекчиси – дагы бир кытайлык киши – ушул эле имаратта болгондуктан, жумушчулары журналист менен сүйлөшүп жатканын билип калганда, алардын жүрөгүнүн сары суусун алгандай туюлду. Ал киши өзүнүн азери жетекчилерине кабар бериптир, бирок менеджерлерден эч ким келген жок.

Азербайжанда чет өлкөлүк мигранттарды ишке тарткан компаниялар азыр көп. Энергетика тармагындагы ишканаларда постсоветтик аймактагы өлкөлөрдөн, алардын ичинде Борбор Азиядан, жумушчулар басымдуулук кылышат.
Эгер мыйзамсыз мигранттар иштеп жатышканы билинип калса, ишкана 38 миң доллар айыпка жыгылат...

Жергиликтүү эксперттер өлкөдө чет өлкөлүктөрдүн саны 9000 ашпашы керектигин мыйзам талап кылат дешет. Өлкөнүн Эмгек министрлиги болсо ушул тапта расмий каттоого туруп иштеп жаткан чет өлкөлүк 9 163 адам бар деп билдирди. Алардын 600 жакыны – кытайлыктар.

Өлкөгө кирген ар бир чет өлкөлүк мигрант иштеш үчүн расмий уруксат алышы шарт. Башка мамлекеттин компаниялары сырттан жумушчуларды алса, ар бири үчүн мамлекетке 1000 доллардан ашык пул төлөшү керек.

Анткен менен, башка жерлердей эле, Азербайжанда да чет өлкөлүк мигранттардын реалдуу саны мындан алда канча көп экени айтылып жүрөт. Болгондо да, өлкө казынасына миң доллардан акча төлөөдөн качкан компаниялар өздөрүндөгү мыйзамсыз мигранттарды бекитип, кулчулук абалда иштетип жатышканы бар.

Бакудагы “Азербайжан миграциялык борбору” деген уюмдун башчысы Аловсат Алиевдин ишениминде, кытайлык мигранттар аз акчага да иштегенге макул болуп жатышкандыктан, көп ишканалар аларды жалдаганга аракет кылышат.

“Непада Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлүк жумушчу уруксаты жок эле иштеп жүргөнүн аңдап калса, аны иштеткен компания 38000 доллардан ашуун айып пулга жыгылат, - дейт Алиев. - Ишканалар бул өңдүү натуура иштери үчүн да жоопкерчилик бар экенин жаадынан чыгарбашы керек”.

“Мингячевир” ГЭСинде иштеп жаткан кытайлыктар биздин кабарчыбызга иши үчүн канча айлык алаарын айтышкан жок. Бирок бул өлкөдө кытайлыктар жергиликтүү эл алчу айлыктын үчтөн бирин алган учурлар бар. Айрымдары күнүнө болгону 3-4 доллардын тегерегинде акча табышат.

Азербайжандын Миграция министрлиги “Азаттык” радиосуна жогорудагы ГЭСти реконструкциялоого жооптуу “Азерэнержи” ишканасы бир да чет өлкөлүк жумушчу үчүн лицензия сурап кайрылбаганын билдирди. “Азерэнержиден” комментарий сурап кайрылганыбызда, алар бизге сүйлөөдөн баш тартып коюшту.

“Ички иштер министрлигинин адам аткезчилигине каршы күрөшүү бөлүмүнүн тобу “Мингячевирге” барып келишкен, иштегенге уруксаты жок болгону 37 эле кытайлыкты табышыптыр”, - дейт Алиев. Бирок Ички иштер министрлиги да, Миграция мигнистрлиги да, Мамлекеттик миграция кызматы да, - эч кимиси кытайлык мыйзамсыз жүргөн мигранттардын маселеси боюнча так жооп бере алышпады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG