Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Чемичке саткычты тааныбай калып...


Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... Кимбайке. 12.7.11.
Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... Кимбайке. 12.7.11.

Кыргызстандыктардын заманбап саясий азилдеринен дагы бир шиңгил.

Мурдагы мамбашчы Курманбек Бакиев Кыргызстандагы бийлигин, Бишкек көчөлөрүн сагынып, өзгөчө Ак үйдү жанынан көргүсү келип, аялча кийинип алып, Бишкекке келиптир да, Ак үйдүн жанында аркы-терки өткөндөрдү карап турган экен.

Ак үйдүн бет маңдайындагы бурчта чемичке сатып отурган бир кемпир капысынан: "Ай, Курманбек, кел, чемичке ал!" - деп чакырат.

Чочулап, борбордон качып кеткен Кукең эртеси аялдардын саал-паал башкачараак көйнөгүн кийинип алып, Ак үй жакты айланып сейилдеп жүрсө, баягы чемичке саткан кемпир дагы кыйкырат дейт:

"Ай, Курманбек, кел, чемичке албайсыңбы, атейин сага арзан сатсамбы деп отурсам, кечээ дагы эчтеке сатып албай кетип калдың!"

Айласы кеткен Куке кемпирдин жанына барып:

"Мени кантип таанып койдуңуз?" - деп шыбыраса, алиги кемпир бүлкүлдөп күлүп, анан минтип айтыптыр:

"Ээ катыгүн, мени тааныган жоксуңбу? Мен Аскар Акаевич эмесминби!"

(Интернеттеги коомдук тармактардан).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG