Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАКИЕВДИН ИШИНЕ САЯСИЙ БАА БЕРЕТ


17-сентябрда Жалалабат облусундагы Аксы районунда сегизинчи элдик курултай өткөнү жатат. Анда март ыңкылабынан кийинки бийликтин иш-аракеттерине саясий баа берилмекчи. Курултайды уюштуруучуларынын айтымында, жыйында азыркы бийликти отставкага кетирүү маселеси да көтөрүлүшү ыктымал. Бирок, өлкөдөгү бир катар саясий партиялар, коомчулуктун бир бөлүгү президент Бакиев баштаган бийликтин ишин оң баалоодо.

Сегизинчи элдик курултайды өткөрүү демилгеси менен чыккан “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдиргендей, курултайдын башкы максаты – азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан ишине саясий баа берүү. Анын пикиринде, азыркы бийлик экс-президент Аскар Акаев жетектеп келген мурдагы бийликтен айырмаланбай калды:

“Адегенде элдик ыңкылаптан кийин кандайдыр бир өзгөрүүлөр болду эле. Бирок, акыркы мезгилде азыркы бийликтин Аскар Акаевдин учурундагы бийликтен эч айырмасы жок болуп калды. Мурдагыдай эле, статистикалык маалыматтарга таянып алып, оң жылыштар болуп жатат, экономикалык өсүү болууда деп айтышууда. Кадр саясатындагы кемчиликтерди белгилесек болот. Азыр Акаев, Жумалиев, Жанузаков, Осмонакун Ибраимовдон башкаларынын баары кайра биликке келишти. Муну кандай түшүндүрсө болот?”.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгерде курултай азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан ишин канааттандырарлык деп таап, аны колдоорун билдирсе, “Асаба” партиясы бийликти сындаган аракеттерин токтотот. Эгер курултайдын катышуучулары март ыңкылабынан кийинки бийлик иштей албай жатат, бул бийлик иштен кетиши керек деген корутунду чыгарса, ошого жараша талаптар коюлат.

"Экинчи курултайга чейин алар аткарылбаса, анда бийликти кетсин деген талап менен чыгабыз”, - дейт Азимбек Бекназаров.

Бирок, өлкөдөгү бир катар саясий партиялар, бир топ саясатчылар өткөн жылдагы март ыңкылабынан кийин элдин турмушунда, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө көзгө илинерлик жылыштар болуп жактандыгы тууралуу айтышып, кезектеги элдик курултайдын өткөрүлүшүн саясий упай топтоо максаты менен байланыштырып жатышат.

“Менин өлкөм” партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев жаңы бийлик кыска мөөнөттүн ичинде коомчулукта оң өзгөрүүлөрдүн орун алышына жетише алды деген көз карашта:

“Мен кечээ эгемендик күнүндө Ысыккөлдө болуп, аксакалдар менен отуруп калдым. Алар азыркы бийликтин иш-аракеттерин колдоп жатышкандыгын байкадым. Чындыгында эле, азыр экономикалык өсүш башталды деп айтсак болот. Мына пенсия, айлык акылары жогорулады. Анан меним пикиримде, ар бир министрликте, тармакта азыр жылыштар бар. Өзгөчө акыркы жарым жылдын ичинде ошондой жылыштар орун ала баштады. Бирок, албетте кемчиликтер да бар”.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев азыркы шартта Кыргызстанда анын ылдамдык менен өнүгүшүнө объективдүү шарттар жоктугун белгилейт. Анын көз карашында бийликке Кыргызстандын азыркы абалында ким келсе да, мамлекетти экономикалык, социалдык жактан ылдамдык менен өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жок:

“Азыр президент Бакиевдин аракеттери кимдир бирөөлөргө жакпай жатат. Бирок, ошол эле Азимбек Бекназаров же Роза Отунбаева же башкасы бийликке келген учурда деле Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жок. Анткени, Аскар Акаевдин бийлигинен кийин Кыргызстан жакырданды. Анын байлыгы сатылып, сапырылды. Элдин байлыгы атка минерлердин чөнтөктөрүнө кирип кетти. Ошондуктан, азыр абал оор. Андан кантип чыгуу тууралуу айтуу кыйын”.

Боспиекте өтө турган элдик курултайга 27-майда Бишкекте бийликти сындап, массалык митинг уюштурган “Реформа үчүн” кыймылы да катышат. Алар буга чейин бийликке конституциялык реформаны тездетүү, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүү, кадр саясатын өзгөртүү, Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу сыяктуу талаптарды коюшкан.

Аталган кыймылдын жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, алар тарабынан коюлган талаптар белгилүү деңгээлде бийлик тарабынан аткарылууда.

Азиза Турдуева.

XS
SM
MD
LG