Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Милиция: 19 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 29-ноябрда Төмөнкү Ала-Арча айылында кечки саат сегизде жергиликтүү тугундун үйүнө бет капчан төрт бала кирип келген. 46 жаштагы тургундун 19 жаштагы баласы аларга каршылык көрсөтүп жатканда бычак жеп, ооруканада көз жумган. Үйгө бастырып киргендер качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милициянын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында 30-ноябрда кылмышка шектүү катары 19 жаштагы эки бала, 21 жаштагы бир бала, 18 жаштагы бир бала кармалган. Учурда алар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки тергөө иштери башталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG