Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун эки документалисти каза болду


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалында иштеген эки документалист Беларуста жол кырсыгынан каза болду. Дагы бирөө оор абалда ооруканада жатат. Чыгармачыл топ ыктыярчылардын иши тууралуу фильм тартып, Гомелден Минскиге кайтып келаткан. Кырсык 14-майдын кечинде болгон.

Каза болгон режиссер Владимир Михайловский жана үн оператор-сүрөтчү Максим Гавриленко, жарадар болгон режиссер Любовь Земцова “Белгисиз Беларус” (“Неизвестная Беларусь”) долбоорунун авторлору.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жэйми Флай: “Абдан суук кабар, бул жаш кинематографисттер мыкты, таланттуу, башкаларга дем берген адамдар эле. Беларус эли жөнүндө көп билбеген адамдарга ал өлкө тууралуу кызыктуу окуяларды айтып берүү үчүн баштаган жаңы долбоорубуздун бир бөлүгү болчу”, - деди.

Флай Владимир жана Максимдин жакындарына көңүл айтып, Любовь сакайып кетет деп үмүттөнүп турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG