Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Беларус АКШдан мунайдын биринчи партиясын алды


Гомелдеги мунай резервуары. Январь, 2020-жыл
Гомелдеги мунай резервуары. Январь, 2020-жыл

Беларус АКШдан чийки мунайдын биринчи партиясын алды. Бул тууралуу 15-майда Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей билдирди. Министр Bakken үлгүсүндөгү 80 тонна америкалык мунай келгенин айтты.

Тиешелүү макулдашууга февралда АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен президент Александр Лукашенконун жолугушуусунда жетишилген. Минскидеги кездешүүдө Помпео АКШ Беларуска жардам берүүнү каалаганын, мунайды сатууга даяр экенин айткан.

Жыл башында Минск Орусия кара май берүүнү токтотконун билдирген. Тараптар мунайдын баасы, транзит тарифи жана башка маселелер боюнча мунасага келе алышкан эмес.

Ошондон кийин Беларус башка жолдорду издеп Казакстан, Украина, Польша, Азербайжан жана Балтика өлкөлөрүнө кара май сатып алуу сунуштарын жөнөткөн.

15-майда Помпео келишим Беларустун суверенитетин жана эгемендигин бекемдерин, америкалык компаниялар ал өлкөнүн рыногуна кызыгып жатышканын билдирди.

Бул кадам Вашингтон менен Минск ортосундагы мамилелердин жакшырып жатканынын дагы бир ишараты болуп калды.

XS
SM
MD
LG