Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Минск сүйлөшүүсүнүн Лукашенкого пайдасы


Минск.
Минск.

Минск жолугушуусу негизинен жабык эшик артында өттү. Каалга бир нече мүнөткө ачылганда, журналисттер кандай кызыктуу жагдайларга күбө болушту?

Бейшембиге караган түнү Минскиде Орусия, Украина, Франция жана Германиянын лидерлери 16 саат бою Украинадагы кан төгүүнү токтотуу жолдорун талкуулап, соңунда келишимге жетишти.

Кездешүү журналисттер үчүн жабык режимде өткөнү менен, интернетке бир нече күтүлбөгөн жана кызыктуу учурлары чыгып кетти.

Маселен, видеолордун биринде беларус президенти Александр Лукашенко немис канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүп бүткүчө, орус мамлекет башчысына үстөлгө отурууга мүмкүнчүлүк бербегенин көрсө болот. Владимир Путин үстөлдү жылдырууга аракеттенгенде, Лукашенко жөлөнгүчүн катуу кармап алып, кое бербей тургандай. Залдын башка бир бурчунан тартылган ошол эле видеодо Лукашенконун үстөлдү анча деле кармабаганы байкалат.

Дипломатияда мындай бийик жолугушуу учурунда жетекчилер отура турган орундар маанилүү болгондуктан кабарчылар дароо үстөл инцидентин олуттуу кабыл алышты.

Минск сүйлөшүүсүнө карата тартылган карикатура.
Минск сүйлөшүүсүнө карата тартылган карикатура.

Анын үстүнө жыйын алдындагы сүрөттөрдү караганда, беларус президентине сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу эмес саммитти кабыл алган тарап катары ортодогу музду бузуучу данакерлик озуйпасы жүктөлгөнүн түшүнсө болот.

Бир катар байкоочулар жолугушуу Александр Лукашенкого саясий упай алып келгенин белгилешет. Минскиге соңку жылдарда биринчи жолу алдыңкы европалык өлкөлөрдүн лидерлери келди. Президент өзү болсо ага жүктөлгөн ролду мындайча сыпаттады:

- Мен бизде айткандай, кечиктирбей окторду ташып турушум керек эле. Милдетимди аткарууга аракеттендим. Сергек болуу үчүн бир нече чака кофе ичилди. Түшүнгөнүмө караганда, кезектешип укташты. Өзгөчө эксперттер. Мамлекет башчылар албетте уктай алган жок. Андыктан эс алып, тамак, суу ичип турушту. Бирок ал анча маанилүү эмес. Тарыхта көп эле документтер жаралган. Эң маанилүүсү - эми ошол келишимдер ишке ашырылууга тийиш. Өзүңүздөр түшүнүп тургандай, ал жараян татаал болмокчу. Ага бир суткадан көп убакыт талап кылынат, - деди Лукашенко журналисттерге.

Айтмакчы, Лукашенко чет өлкөлүк конокторго жалаң жергиликтүү азык-түлүктөн жасалган тамак берилгенин белгилей кетти.

Путин менен Порошенконун учурашуусу. Минск.
Путин менен Порошенконун учурашуусу. Минск.

12 сааттан кийин гана журналисттер чакан комментарий ала алышты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөр жакшы өткөнүн айтты.

Ошол эле маалда интернетте Путиндин сүйлөшүүлөр учурунда колундагы калемди сындырганы тартылган видео тарап кетти.

Журналисттер дароо Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин да ушундай эле окуясын эстешти. Бир жылдай мурун ал да Киевден качкандан кийин Ростов-на-Дону шаарында өткөргөн маалымат жыйынында жини келип, калемди сындырып салган.

Бирок орусиялык айрым маалымат каражаттары Путин анткен эмес, аны украиналык кабарчылар ойлоп тапкан деп ырасташууда.

Журналисттер демекчи, орусиялык LifeNews интернет порталынын кабарчысы украиналык кесиптеш аялдарга кадимкидей үрүп, чуу салганы да кызуу талкууланууда.

XS
SM
MD
LG