"Кыргызстандагы мушкерлерге колдоо керек"
Бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясында (WBA) жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Мушкер алдыдагы машыгууларын Ысык-Көлдө өткөрүп, күзүндө болчу беттешине даярданат. 31 жаштагы Дмитрий Бивол Орусиянын жараны. Ал Токмок шаарында төрөлүп, бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган.