Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Какшаалдагы Cармерден


Кытайлык кыргыз, акын жана тележурналист Нурмамбет Oсмон уулунун Какшаалда өткөн сармерденден жиберген сүрөтү
Кытайлык кыргыз, акын жана тележурналист Нурмамбет Oсмон уулунун Какшаалда өткөн сармерденден жиберген сүрөтү

Байыркы Кытай тарыхый жазмаларында, тагыраак айтканда, ханнаама, 9-ором: батыш өңүр баяны: 66-алдынкы баянында - батыш өңүрдөгү 36 хандыктын бири катары, “ойтоо хандыгы” (Сапарбай尉头国 хандыгы) мындан 2000 жыл мурда эле тарыхка жазылган. Сан кылымдык сапарда Какшаалдын чыгышындагы сапарга бай санжыргалуу айыл Сапарбайда бугу айында (апрель) Какшаалдагы биринчи жолку сармерден өтүп, санжыргалуу салтыбыздын чыпчыргасын коротпой, кызылсуулук кыргыздар арасында сармерденди Какшаалга шааниси менен жомоктой келип, улуу маданияттын учугун улаганга жол ачып бергенин айтсак болот.

Мындан жүз жыл мурда Чоң Качкында Aла-Tоодон качып келип, Беделди ашып, Кулансаракка кыштап, Какшаалда жүрүп, кайра айылына кеткен айтылуу комузчу Aктан Tыныбек Какшаалдан кетээринде сайрап кеткен дейт:

Сапарбайым аман бол, салтың менен,

Сан жылкылуу бай Cулайман, калкың менен.

Кулансарак аман бол, чийиң менен,

Куттуу элиң, чыдый, Tомо бийиң менен!...

Алтын жаак, жез таңдай, арыбас ырга эч кандай, айтылуу Aктандын узун сабак ырын ушундан токтотуп, эгинканалуу, жайда күнөс, кышы ылымта Кулансарак айылында Какшаалдагы экинчи жолку сармерден кыймылы салтанат менен өткөнүнө сөз оролун берсек:

Кулжанын (май айы) 16-күнүнөн тарта Какшаалдын Кулансарак айылында сармерден өткөрүү камылгасы камбыл жүрө баштап, 21-кулжада (майда) ырасмий түрдө айылдык эл өкүмөт алдында Какшаалдагы экинчи жолку сармерден дууманы дуулдай түштү.

Сармерденге элеттик дыйкан-чабандар дайындалып, ыр-күү, бийлер жаңырды. Атактуу комузчу Mамет Tөлөмүштүн шакирти, айтылуу комузчу, обончу, дегеле, ыр-күү жаатында төрт тарабы төп келген, атпай элге аттын кашкасындай таанымал көркөм өнөр устаты, композитор Mакен Aсаналы; акын, ырчы, комузчу Дүйшөналы Oсмон бул жолку сармерденди көркөм жетектеп, Кулансарактагы сармерден дууманын көркүнө чыгарганга жарады.

Какшаалдагы Сармерден
Какшаалдагы Сармерден

Кундуз тебетей кийип, кыжыма жоолук салынган кыз-келиндер менен саймалуу чапан, ак калпак жигиттер күнгөй - тескей отуруп, сармердендин салтанатын сан элге сайран кылып бергенин айтса болот. Шайыр жеңе Зуура Бейшеналы менен эрке бала Жалил Cүйүнбай сармерден оюнун көрөрмөндөрдүн купулуна толгудай алып барганына көпчүлүк күбө болушту. Элет жердин эргиген кайрыктары, өлөңчүлөрдүн өнөр кууган санаттары кулактын курчун кандырды. Үч саатка жуук уланган сармерденге айыл эли калбай келип, Oодандын ар кайсы айылдарынан, Oблустун ар жеринен келген төрт миңге жуук эл Кулансарак айылына чубап, сармердендин шаңына дуулап жатты.

Какшаалдагы сармерден
Какшаалдагы сармерден

Ушундай ургаалдуу учурларга кыналып, улуттук маанилүү маданият, улуттук оюндары уланып, Cапарбай айылынан кийин, күнгөй капталдагы Кулансарак айылы Какшаалдагы экинчи жолку сармерден өткөрүү кезегин кемелине жеткире өткөрдү. Буйруса, Кызылсуу Кыргыз Aвтоном облусундагы Какшаалдын чыгышынан тарта, батышкы айылдарына чейин, эми, үч кыштагы, Сомташ айылы сыяктуулар сармерден өткөрүү кезегине камданып жаткан чагы. Ошентип, Какшаалдын алты айылында сармерден дуусу шакардай кайнаганга буйруп аткандыр.

Нурмамбет Oсмон уулу, акын, тележурналист

Какшаал

P.S. Автордун жазуу стили сакталды

XS
SM
MD
LG