Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Ат-Башыдагы Лондондун бир "кертими"


Ат-Башыдагы бул эстеликти Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов койдурганы эл ичинде айтылып жүрөт.
Ат-Башыдагы бул эстеликти Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов койдурганы эл ичинде айтылып жүрөт.
Бир нече ай мурда айылга телефон чалсам, апам өрөөпкүп сүйүнүп алган. Себеби, Ат-Башынын чок ортосуна баланча деген бай, депутат “байкем” Лондондогудай аттын эстелигин тургузуп, ошого сайма чапан кийип алып жөнөп жаткан экен.

Апам жарыктык шашып жатып “Жанагы Лондондогу аттын башын көрдүӊ беле? Укмуш сонун дешти го, тимеле ошону эле бизге көчүрүп келип жаткандай”, - деп сурап коёт. Таӊ калдым. Бир нече жыл жашап, Лондондун Гайд-паркындагы аттын башын көрбөгөнүмө ардандым. "Каап, Британиянын тияк-биягын жакшы эле кыдырдым эле, ушуну эмнеге билбей калдым" деп бармак тиштедим. Гуглдан жанталашып Лондондогу эстеликтерди бир сыйра карап чыксам да, кийин апам айткан “керемет” аттын башын таба алган эмесмин. Ошентип тиги бай “байкем” аттын башын бакыйта орнотуп, олчойто той берип, апалар сайма чапан кийип, аталар чучук, боорсок жешсе керек. Бирок эстелик коюлар замат интернеттеги социалдык тармактардын колдонуучулары сындап эле жатып калышты. Чын эле кесилген аттын башы Ат-Башыдагы үйлөрдүн жанында кызыктай көрүнөт экен. Барып көргөн жокмун, бирок баягы өрөпкүгөн апаман кечинде сурасам: “Жерге кирсин, ал!” – деп койду...

"Итапкан акчага турган бул эстеликтин эстетикасы, максаты эмне?" деген талаш-тартыш али да болсо социалдык тармактарда кызуу жүрүп, ал тургай баягүнү ишке барсам, айтылуу акыныбыз Шайлообек агам да Фейсбуктагы күйөрмандары менен ошол талашты кызуу талкуулап жатыптыр. Аны көрүп менде мындай суроолор пайда болду:

Ошол учак карытып, узак жол жүрүп, Британ визасын эптеп ачтырып (бул өлкөгө виза алуу да оӊой эмес, жакшы билем) Лондонду көргөнү барган атбашылык бай акем Гайд-парктагы аттын башын эле көрүп кайтканбы? Эмнеге Хитроудан түшкөндө эле жаркыраган, зымылдаган Ат-Башыныкындай аӊ-чөнөгү жок жолду көрбөй калган? Эгер көрсө балким жок дегенде райондун борбордук жолун ошондой түздөйт беле?

Андан ары баратып, ошол жол жээгинде жайгашкан майда парктарды, анын ичинде тыкан тосмолор менен тосулган, наристе жыгылса да жеӊил түшсүн деп жерине да жумшак желим төшөлүп, түркүн-түскө боёлгон, ата-энелер отурганга ыӊгайлуу отургучу, балдар чыгып-түшүп ойногон темир эмес, желим оюнчуктары, селкинчектери, жыгачтан аттары (!!!) бар парктарды кантип көрбөй калды экен? Балким аларды көрсө бай “байкем” кесилген аттын башынын ордуна ошондой балдар ойноочу бир парк куруп (буга тиги акчасы кенен жетмек), менин сайды кечип, токойго ойногону качып барып, таенесинен таяк жеген жээндеримдин коопсуз ойношун камсыз кылат беле?

Анан ошол “байке” Лондондун борборун кыдырып жүрүп, ар бурчтагы үч өлчөмдүү кинотеатрларга кантип баш бакпады экен. Анткени, алардын көбү акысыз, 10-15 мүнөт жарнамалык шоу көрсөтөт. Ошолорду эгер көрүп калса, алардын ичиндеги жаштардын көптүгүн байкаса, балким ишкер “байкем” ошондой чакан кинотеатр салып, кечкисин Ат-Башынын үч кошкон көчөлөрүндө колоктоп бош жүргөн инилеримдин “сообуна” калат беле?

Бир ирет Бишкектен Лондонго мамлекеттик кызматкерлердин тобу барыптыр. Аларга жолдошум шаарды көрсөтмөк болуп, дүйнөлүк маданий мурастардын чордону жайгашкан Трафаллгар аянтына алып барып, Британ улуттук сүрөт галереясын көргөзөйүн десе курсагы салаӊдаган биздин чиновниктер: “Сохо кайда ыя? Ага кантип барабыз?” – деп, жолдошум Сохого барчу жолду көрсөтүп берип, ындыны өчүп, үйгө кайтып келе бергени эсимде. Сохо Лондондогу түнкү клуб, казино-барлардын уюгу жайгашкан жер. Ошондо бир түӊүлдүм эле...

Акыры Гайд-парктагы кесилген аттын башын көрбөгөнүм ырас эле болуптур деп бүтүм чыгардым. Кыргыз эч качан аттын башын кесип, аны элге көрсөткөн, анан ошол кесик башты көрөм деп барган эл эмес да.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG