Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Келемиши көп кампага эгин сакталбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы карыздардан кутулуш үчүн атайын эсеп ачыш керек экенин айтканда, бул демилгени көпчүлүк жактырган жок. Бирок "Өкмөткө эл жардам бере алабы?" деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.

Жыртык куржун жана келемиштер

Атайын эсепке акча чогултуу идеясынын колдоо таппай калышынын негизги себеби – мамлекеттик бюджеттин коромжуга, талоонго учурап жатканы. Анын үстүнө дал ушундай эсеп буга чейин да бир нече ирет ачылып, анча-мынча топтолгон каражат каякка жумшалганы белгисиз бойдон кала берген. Башкасын айтпаганда да, былтыр Дача-СУдагы кырсыкка кабылгандар үчүн элден чогултулган акча дарегине жетпей кечиккени, социалдык түйүндөрдөн эл ызы-чуу салгандан кийин гана жеткирилгени эсибизде.

Бул инсталляциянын ар бир даанасы 600 долларга бааланган.
Бул инсталляциянын ар бир даанасы 600 долларга бааланган.

Биз өкмөткө бюджеттин ачык-айкындыгын катуу талап кылуу менен көмөктөшсөк болот. Эгер бир кычкачты 600 долларга, музейдеги жасалма таяктардын ар бирин миң долларга баалагандай ысырапкорчулукка, талоончулукка жол бергендер жоопко тартылып, уурдалган каражат кайра төлөтүлсө, башкаруу иши майнаптуу болсо (бири бирин кайталаган түзүмдөр жоюлуп, ыкчам, сарамжалдуу иштеген эң зарыл мекемелер гана калтырылса), мамлекеттик бюджеттин ар бир сому каякка ажыратылып, кандай пайдаланылганы, кайсы натыйжага жетишилгени Финансы министрлигинин жана ар бир мамлекеттик мекеменин сайтында дайыма чагылдырылып турса, элдин ырыскысын коромжу кылгандар жоопко тартылып, келтирген зыянды өз чөнтөгүнөн үстөгү менен төлөй турган тартип орнотулса - өлкөбүздүн эгемендигин бекемдөө үчүн акчасын эмес, жанын аябагандар көп чыгары анык.

Түбү жыртык куржунга акыл-эси жайында турган адам буюм салбайт. Жыртыгын жамап, эгер такыр тамтыгы чыккан болсо, жаңы таардан жаңы куржун тигет.

Келемиштер жайнап кеткен кампага дыйкан эгин сактабайт.

Биз башкы кампабызды – мамлекеттик бюджетти ууруларга талатып коюп унчукпай отура бербешибиз керек. Бюджеттеги каражат асмандан түшпөйт, ал салык төлөөчүлөрдүн эсебинен топтолот, тыштан алынуучу насыяны да пайызы менен эл төлөйт.

Мүдөөбүздү даана түшүнсөк

Кайыр-садагадан тышкары коррупциячылардан конфискациялануучу каражатты тышкы карыздарга чегериш үчүн дагы бир эсеп ачылганы, алгачкысы катары А. Шадиевдин банктагы камакка алынган жүз миллион доллары ошого чегерилгени колдоого арзыйт. Эми башка жегичтердин баарын тегиз кыса алабы өкмөт, анын тийиштүү органдары?..

Азырынча эң ири жегичтерге кылтак салына элек. Алардын жактоочуларынан чочулап турушабы? Же тымызын соодалашып жатышабы?..

Эл бийликтин башкы ээси экендигин далилдей турган учур келди. Эгер дал ушул чакта бийликтин туура кадамдарын (же чечимдерин) колдоп, тескери кадамдарына, чечимдерине сөзүбүз менен да, ишибиз менен да каршы тура алсак, мыйзамдуулуктун (адилеттүүлүктүн) ырааттуу жүзөгө ашырылышын баарыбыз көзөмөлдөсөк - мамлекетибиз сакталып, тышкы карыздардан бат эле кутулуп чыгабыз.

Коррупция тыйылса ишкерлердин жаратман даремети кыйла толук ачылат, экономика ыкчам өнүгүү жолуна түшөт. Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысы, пенсия менен жөлөкпул номиналдуу эмес, чындап жогорулайт. Демек, калктын саламаттыгы, билими жакшырат, укуктук аң-сезимди өстүрүүгө өбөлгө түзүлөт да, бийликтегилер буга чейинкидей жеп-ичкенден тартынып калат. Жалпы маданий деңгээл менен кошо саясий маданият жогорулап, эң пайдалуу долбоорлорду ишке ашырыш үчүн ичкериден да, чет жактан да таза инвестиция арбын тартыла баштайт. Тескерисинче, эгер мителер дагы эле үстөмдүк кыла берсе, четтен аларга «жардамдашканы» жегичтер гана келе берет, кычкачын 600 долларга, ийрейген желим таягын миң долларга баалап. Таза иштей тургандар бута атым жакын жолобойт.

Еревандагы митинг. 13-апрель, 2018-жыл.
Еревандагы митинг. 13-апрель, 2018-жыл.

Балким, азырынча Армениядагыдай аянттарга толкуп чыгыштын зарылдыгы жоктур. Бирок жок дегенде жарыя айтылар сөздөрүбүздөн данектүүсүн иргеп, оюбузду топтоп, ниетибизди бир нукка багыттасак болор? Майда, тар мүдөөлөр менен чектелбей, баарыбызга, ар бирибизге тикелей тиешеси бар маселелерди чечүү жолун чогуу издебейлиби?

Калыстык – мамлекеттин тиреги

Ырас, эмне кылуу керектиги айтыла, жазыла берип жатталгыдай эле болду. Сот бийлигин судьялар мыйзамга гана баш ийип, мыйзамсыз чыгарган чечими үчүн токтоосуз жоопко тартылгыдай кылып кайра түзүш керек. Бюджет толугу менен ачык-айкын болушу керек. Мыйзам бузгандар, экономикалык кылмыш жасагандар жазасыз калбашы керек. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы жетиштүү өлчөмдө болушу, ошол эле учурда кирешелери менен сарптаган акчасы текшерилип, декларацияда көрсөтүлгөндөгүсү менен салыштырылышы керек… Булардын айрымдары жана дагы башка максаттар президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин жыйынындагы сөзүндө да ырасталгандай болду.

Менимче, мамлекет башчынын бийик трибунадан айткан сөздөрү ооз жели гана болуп калбай ишке ашырылышын көпчүлүк эл каалайт. «Коррупциядан арылган бийлик, адилеттүү сот, өнүккөн аймак, таза шайлоо, ынтымактуу коом, дени сак улут, сапаттуу билим, күчтүү рух, бакубат Кыргыз мамлекети. Бул ар бирибиздин турмуштук миссиябыз, асыл максатыбыз!» - деди ал.

Кытайда өлүм жазасына тартылган миллиардер Лю Хан. Кытай, 2015-жыл.
Кытайда өлүм жазасына тартылган миллиардер Лю Хан. Кытай, 2015-жыл.

Эмне кылыш керек экендиги түшүнүктүү. Бийик мүдөөлөргө кантип жетишсе болорун жакында эле жалпы улуттук намысын туу тутуп, чечкиндүү өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн армян эли, Малайзиянын, ага чейин Грузиянын өкмөттөрү жакшы эле көрсөтүп койду. Акыркы бир-эки кылым аралыгында дүйнөнү таң калтырып, кыска эле убакта алдыңкы сапка чыккан Сингапур, Финляндия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн да үйрөнө турган сабактар арбын.

Кептин баары кайра эле өзүбүздүн эркибизде, көздөгөн максатыбызды жетик түшүнүп, чечкиндүү кадамды биргеликте жасай билишибизде калды окшойт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG