Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Таза бюджет - таза саясаттын күзгүсү


Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, "Кыргызконцепт" компаниясынын жетекчиси
Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, "Кыргызконцепт" компаниясынын жетекчиси
International Budget Partnership уюмунун 2012-жылдагы иликтөөсү бюджеттин ачыктыгы боюнча Кыргызстандын индекси 20 экенин көргөздү. Ал эми Орусияныкы 74, Казакстандыкы 48, Монголияныкы 51 болгон. Бул жагынан жүз өлкө арасынан Жаңы Зеландия гана алдыга суурулуп, 93 упай алган.

Ушул сыяктуу иликтөөлөр 2008-жылы жүргөндө Кыргызстан 8, 2010-жылы 15 упай алган. Буларды эске алсак, бизде жылыш бар. Бирок ал купулга толобу?

Менимче, буга ооз көптүрө жооп берүүгө азыр эрте. Кыргызстан тизмеде 74-орунду ээлеп, “канааттандыраалык эмес” деген баага татып келет.

Менеджментте “Өлчөөгө боло турган нерсени башкарса болот” деген алтын эреже бар. Демек, бюджети өп-чап мамлекет, каражаттын кайда жумшалып атканына көз жумууга акысы барбы?

Бюджет боюнча маалымат менен кантип туура камсыздоону түшүнүү үчүн бюджеттин ачыктык индекси кантип түзүлөрүн билүү жетиштүү. Упайлар төмөнкү маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн баалоо негизинде берилет.

1. Бюджеттик билдирүү;
2. Аткаруучу бийликтин бюджетинин долбоору;
3. Бекитилген бюджет;
4. Жарандык бюджет (бюджетти бекиткенге чейин да, бекиткенден кийин да жарыяласа болот);
5. Бюджеттин жыл ичинде аткарылышы;
6. Жарым жылдык отчет;
7. Бюджеттин аткарылышы боюнча жылдык отчет;
8. Бюджеттин аткарылышы боюнча аудитордук отчет.

Кыргызстанда “Бюджеттик билдирүү”, “Жарандык бюджет”, “Жарым жылдык бюджет”, “Бюджеттин аткарылышы тууралуу аудитордук отчет” боюнча суроолор өтө эле көп. Мисалы, “Бюджеттик отчет” же “Бюджеттин аткарылышы боюнча аудитордук отчет” эмнеге ачык жарыяланбайт?

Жеке көз карашымда, эң башкысы Жарандык бюджет - мамлекеттик бюджет тууралуу жөнөкөй, калктын калың катмары өкмөттүн киреше-чыгашасын түшүнө тургандай тил менен жазылган документ көңүл сыртында калууда.

Менимче, өз элинин өнүп-өсүшүн чындап каалаган өкмөт өтө жогорку деңгээлде таза иштөөгө тийиш. Бул акча чындап элдин кызыкчылыгына жумшалып жатканынын далили.

Бирок дагы бир краудсорсинг деп аталган себеп бар. Википедия берген түшүндүрмөгө таянсак, Краудсо́рсинг (англис тилинен crowdsourcing, crowd — «топ» и sourcing — «ресурстарды колдонуу») — айрым бир өндүрүштүк милдеттерди коомдук ыктыярчылардын чечими менен кайсы бир жүздөрдүн тобуна берүү дегенди билдирет. Ошол эле учурда буларды маалыматтык технология жардамы менен көзөмөлдөшөт. Жалпак тил менен айтканда, эксперттер тобу өкмөттүн бюджетти майнаптуу башкаруусуна көмөктөшөт.

Белгилүү болгондой, мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнүн деңгээли жана жарандардын бюджет процессине катышуусу тыгыз байланышта. Жарандардын дилгирлик менен кол кабыш кылганы экономиканын өнүгүшүнө түрткү болот, ал эми күчтүү экономика жарандарды мамлекеттик ишке тартат. Андыктан “Ачык бюджет” сыяктуу долбоорлордун ролу баа жеткис. Бирок бизге дагы көп нерсе керек.

Каржы жаатындагы маалыматтардын ачык болушу ириде мамлекеттик органдарга бекем орногон коррупцияны түп-тамырынан жулуп салып, каражатты жумшоодогу паракорчулукту азайтмак. Бюджеттин тазалыгы калайык-калктын мамлекеттик заказды алуу үчүн ачык сынакка же чакан жана орто бизнести баштоодо тендерге катышуусуна калыстык менен шарт түзүп бермек.

Мен Кыргыз Республикасы бизден ИДПсы өйдө турган мамлекеттер менен чындап теңтайлашуусу зарыл деп эсептейм. Мунун логикасы жөнөкөй: аз акчаны деле туура санап, бай мамлекеттерге караганда майнаптуу башкарса болот. Азыраак чен-өлчөмдөр менен деле алдыңкы 10 өлкөнүн катарында турууга умтулуубуз керек.

Бул албетте жарандык коомдун активдүүлүгүнө байланыштуу. Бизде дайыма прогресске, өнүгүүгө жана өзгөрүүгө жетелеген суроолор жаралып турушу керек.

Биздин мамлекеттин башында тургандар өсүп жаткан бюджет менен мактанышат. Бул мени дайыма кооптондурат, анткени бүдөмүк иштеген жерде коррупцияга байланган жана майнапсыз бюджет болору айдан ачык. Бюджет тазалыгы мамлекеттик бюджеттин көлөмүнөн алда канча маанилүү.

Дагы бир жолу кайталайын: тазалык, демек майнаптуулук бюджет көлөмүнөн алда канча маанилүү.

Эмил ҮМӨТАЛИЕВ, "Кыргызконцепт" компаниясынын жетекчиси
XS
SM
MD
LG