Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

"Борбор Азия үчүн күрөш жаңы баскычка чыкты"


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Казакстандагы сапары учурунда. 1-ноябрь, 2023-жыл
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Казакстандагы сапары учурунда. 1-ноябрь, 2023-жыл

Чет өлкөлөрдүн Борбор Азияга кызыгуусу артты

Айрым маалымат каражаттары дүйнөлүк державалардын салттуу түрдө Орусия үстөмдүк кылып келген Борбор Азияга кызыгуусу артканын, таасирин күчөтүү аракетинде лидерлер аймакка биринин артынан бири келип жатканын жазышты. Франс Пресс (АФП) агенттиги, “Ал-Жазира”, “France 24” 9-ноябрда орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга келгенин, Түркия жана Иран мамлекет башчылары, Пакистандын премьери өзбек башкалаасында болушканын жазышты.

Путин менен Токаев. Астана, 9-ноябрь 2023-жыл
Путин менен Токаев. Астана, 9-ноябрь 2023-жыл

Медиа Орусия Украинага басып киргенден бери Москванын Борбор Азиянын мурдагы советтик жумурияттарына болгон таасири солгундаганы, алар жаңы өнөктөштөрдү табууга дилгир экенин белгилешет.

"Ошол эле маалда Астанадагы жолугушуу алдында Путин жана казак президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптын кызматташтыгын жогору баалашты", - деп улантышат маалымат каражаттары. Орус лидери “Биздин стратегиялык өнөктөштүк алысты көздөйт” деп айтса, Токаев “бай тарыхы жана жаркын келечеги бар альянсты” мактады.

Андан ары айтылгандай, Москва согушка баткан маалда дүйнөлүк державалар Борбор Азияга инвестиция салууда. Биринчи кезекте кеп “Бир куур бир жол” инфраструктуралык долбоорунун аркасы менен ири өнөктөшкө айланган Кытай тууралуу жүрүүдө. Макалаларда Путинге чейин Казакстанга Франциянын президенти Эммануэл Макрон барып кеткени эске салынат.

Бирок Москванын регионду колдон чыгаргысы жок. Санкциялардан улам Европанын рыногунан чыгып калгандан кийин Орусия Борбор Азиянын энергетика тармагына инвестицияларды кайра сала баштады. Мисал катары Өзбекстанга Казакстан аркылуу газ жеткирип туруу долбоору аталат. Башка өлкөлөрдө да ГЭС жана АЭС куруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.

"Ал эми Астанадан миң километр түштүк тарапта, Ташкентте Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити чогулду, ага да бир топ лидерлер келди",- деп белгилешет агенттиктер.

Жапониянын NHK коомдук медиа корпорациясынын эксперти Амма Хидео Путиндин Астанага болгон сапарынын айланасында маек куруп, сапарды “тарыхый” деп атаган Токаев Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө скептикалык көз карашта экенин, бирок өзүн этият алып жүргөнүн белгиледи. Анткени Украинадай эле Казакстанда этностук орустар көп жашайт, эки өлкө узун чек араны бөлүшөт.

“Токаев Орусия менен стабилдүү мамиле курууну көздөйт, ошол эле маалда суверенитет маселесинин кол тийбестигин так белгилеп келатат”, - деп эсептейт Хидео.

Ал ошондой эле тарыхый жактан алганда бул региондо чон державалар дайыма өз ара атаандашып келгенин, ал “чоң шахмат тактасы” деп аталганын эске салат. Орусиянын таасири алсырады, “башка ири мамлекеттердин ниеттери бир беткей эмес, андыктан атаандаштык күчөй берсе, регионду дестабилдештирүүгө алып келиши ыктымал” деген ою менен бөлүшөт.

"Борбор Азиянын өлкөлөрү, экинчи жагынан эгемендүүлүгүн сактап калууга умтулушат. Суверенитетин региондун сыртындагы державалар менен тең салмактуу дипломатия жүргүзүүнүн аркасы менен кармап келатышат жана өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарына келгенде катаң позицияны ээлешет. “Чоң шахмат тактасы” үчүн күрөш жаңы баскычка чыкты", - деп эсептейт жапониялык журналист.

Борбор Азия Ооганстан менен өз ара мамиле курууда

The Diplomat 6-ноябрда “Батыш ооган элине Борбор Азия аркылуу жардам бере алат” деген темадагы макала жарыялады. Автор Эндрю Гилмор суук түшө электе эле Ооганстан 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган катуу жер титирөөлөрдөн жапа чеккенин, ансыз да өлбөстүн күнүн көрүп келаткан өлкөгө узак мөөнөттүү жардам абадай керек болуп турганын баяндап, алыскы Батыш талибдер менен иштешүү маселесин улам жылдырып келгенин белгилейт. Ал эми реалдуулуктан кача албаган кошуна Борбор Азияга эки тараптуу мамилелерди түзүүдөн башка аргасы жок.

Зилзаладан жабыркаган адамдар. Ооганстан, 11-октябрь, 2023-жыл
Зилзаладан жабыркаган адамдар. Ооганстан, 11-октябрь, 2023-жыл

Автор белгилегендей, зомбулуктун жайылышын, чек арадагы террордук аракеттердин алдын алуу, манзаттарынын аткезчилигин ооздуктоо, Ооганстандагы адам укуктарын коргоо үчүн “Талибан” бийлиги менен кызматташуу эртедир-кечтир зарыл болорун бардык мамлекеттер түшүнөт. Батыштан айырмаланып региондун өлкөлөрү прагматикалык жолду тандагандай.

Анын пикиринде, Өзбекстан кошуна өлкөгө коркунуч булагы катары гана кароо кызыкчылыгына жооп бербесин, ал жактагы стабилдүүлүк стратегиялык өнүгүүгө салым кошорун түшүндү. Буга байланыштуу тараптар жакында 1,2 млрд долларга соода келишимин тузгөнү айтылат. Гилмор Борбор Азияда ооган маселесинде көз караштар айырмаланганы менен Ташкент башкаларга үлгү болуп, регионалдык интеграциянын, кызматташтыктын артыкчылыктарын тартуулоо үчүн реалдуу демилгелерди көтөрө алат деп эсептейт.

Макалада Өзбекстандын мындай позициясы жемишин берип жатканы конкреттүү мисалдардын негизинде келтирилет. Советтик акыркы жоокер 1989-жылы ооган жергесинен чыгып кеткен Термездеги Достук көпүрөсү эми Ооганстан үчүн маанилүү гуманитардык, транспорт коридоруна айланды. Ташкент ал жакта Термез эркин экономикалык зонасын жана Эл аралык соода борборун түзүүдө. Ооганстан аркылуу Пакистан менен байланыштырган темир жол долбоору да караштырылууда.

Макаланы автор бул өңдүу демилгелерди колдоо аркылуу Батыш Ооганстанда жаңы ролго ээ болушу мүмкүн деген ою менен жыйынтыктайт.

Трансплантациянын мүмкүнчүлүгүн кеңейткен операция

Америкалык хирургдар тарыхта биринчи жолу адамдын көзүн толугу менен трансплантациялады. Адистер бул окуяны медицинадагы олуттуу алга жылуу деп сыпатташууда. Бирок 46 жаштагы Аарон Жеймс мурункудай көрө алабы же жокпу азырынча белгисиз. Электр зымдарды оңдоп иштеген арканзастык согуш ардагери ток ургандан кийин оор жараат алган, бетинин бир бөлүгүнөн, сол көзүнөн жана колунан ажырап калган.

CNN жазгандай, Нью-Йорктогу клиникада 21 саатка созулган операцияга 140 хирургдан турган команда катышкан. Бир көзү жана жүзүнүн бөлүктөрү бир эле донордон алынган.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Операция май айынын аягында жасалганы менен, анын жыйынтыгын азыр гана жарыялашты.

Нью-Йорк университетинин Лангон клиникасынын трансплантация программасынын директору Эдуардо Родригес үчүн бул оор операция болду. Буга чейин дүйнөдө тирүү бейтапка мындай трансплантация ийгиликтүү жасалган учур катталган эмес.

Дарыгерлердин айтымында, Аарондун жаңы көзү жакшы айыгып баратат. Азыр ал көрө элек, бирок адистер бара-бара калыбына келет деп үмүттөнүшөт.

Родригес Аарондун бир көзу азиз бойдон калса да, бул трансплантация алдыда көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгилейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG