Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Алты миллиардынчы адам - Аднандын тагдыры


Жер шаарынын 6 миллиардынчы жашоочусу 1999-жылдын 12-октябрында Сараеводо жарык дүйнөгө келген. 3, 5 килограмм салмактагы ымыркайга ошондо планетанын 6-миллиард жашоочусу деген наам ыйгарылган.

Аднан Мевич - Сараеводон алыс эмес жашаган түгөйлөрдүн биринчи уулу. Бириккен улуттар уюмунун ошол учурдагы башкы катчысы Кофи Аннан балага бешик тартуулап, дүйнө 6 миллиардынчы адамдын төрөлүшүн планетадагы элдин жашоосундагы бир доор катары белгилеген.


Аднан жакыр турмушта жашайт


Бирок азыр Аднан 11 жашка чыгып, жакырчылыкта өмүр сүрүп жатат. Аднан Мевич келбеттүү, ачык мүнөз бала, Босниянын Высоко шаарында жашайт.

Анын курагындагы көпчүлүк балдардай эле Аднандын ой-толгоолору мектептеги ийгиликтери менен байланыштуу, окууну жакшы аяктасам, жакырчылыктан чыгаарбыз деген үмүттө.

- Мен мектепте жалаң бешке окуйм. Бир гана англис тилинен төрт алгам. Эң жакшы көргөн сабактарым – дене-тарбия, тарых жана география. Мен жакшы окушум керек, болгону ушул.

Бирок 12 жылга жакын убакыт мурун адамазттын өнүгүшүнүн, бейпил жашоосунун символуна айланган Аднан албетте, карапайым окуучу эмес.


Жердин алты миллиардынчы жашоочусу кантип тандалган?


Аднанга 6 миллиардынчы жашоочу деген наамды 1999-жылдын 12-октябрында, түнкү саат 12ден 2 мүнөт өткөндө БУУнун атайын адистери ыйгарышкан. БУУнун мурдагы башкатчысы Кофи Аннандын аты ага окшош Аднанды Сараеводогу төрөт үйүндө кармап түшкөн сүрөтү бар.

Дүйнө жүзү боюнча секунд сайын орточо эсеп менен үч бала төрөлүп турат, муну эске алганда 6-миллиард жашоочуну аныктоо өтө кыйын. Бул идеянын сынчылары, 6-миллиард адам көп калктуу Индия же Кытайда төрөлүшү керек эле деп да айтышкан.

Кофи Аннан Сараевону жактаган. Бул да түшүнүктүү. Балкандагы 10 жылга жакын созулган согуштардан кийин “толеранттуу жана көп диндүү маанайдын” калыптанышы үчүн 6-миллиард бала Сараеводо символ катары төрөлүшү зарыл эле.

Аднандын энеси Фатима наристе төрөлүп, бактылуу болуп турган кезде анын уулу 6-миллиард адам болгонун угуп, аябай таң калган. Андан бери үй-бүлө көп кыйынчылыктарды башынан кечирди. Текстиль комбинатында иштеген Фатима 1992-95-жылдардагы кыйынчылыктардан улам жумушсуз калган.

Жолдошу Жасминко рак илдетине чалдыгып, жумушка чыга албайт. Сараево шаарынын бийлиги Невичтин үй-бүлөсүнө анын макамы үчүн айына 140 доллар стипендия төлөйт. Бул акча эң негизги азык-түлүктөргө жана Аднандын оорулуу атасынын дары-дармектерине сарпталып, жетпейт.


Акталбаган үмүт


Кээде гана жылмайган Фатима жыл сайын 12-октябрда бийлик өкүлдөрү алардан кабар алышаарын айтат. Бирок журналисттер маектерди алып бүтүп, жылына бир жолу куттуктоолор жасалгандан башка эч пайда деле жок, дейт Фатима.

- Аднан 6-миллиард болуп төрөлгөн күн өтө өзгөчө болду. Бирок бир гана ошол күн. Кийин биздин жашообуз мурдагы эле жолунда уланбадыбы...

Аднандын үй-бүлөсү бир бөлмөлүү үйдө жашап, бала футбол кружогуна да акчанын жоктугуна байланыштуу катыша албайт.

Уулунун чоң сүйүнүч, үмүт менен башталган жашоосун чагылдырган гезиттерди, сүрөттөрдү карап отурган Фатима, Босниянын өкмөтү, эл аралык коомчулук анын үмүттөрүн актабаганын айтат.

Көз жашын чубурткан Фатиманын эң чоң коркунучу – бул “Аднан ооруп калса, эмне болот” деген ой.

- Үч жыл мурун жергиликтүү балдар үчүн оорукана ачылганда Аднанды сыйлуу конок катары анын ачылышына чакырышкан. Бирок биз ал жакта дарыланууга акчабыз жетеби, мен билбейм. Кудайга шүгүр, азыр ден-соолугу жакшы. Бирок дарыгерлер жакында жүрөгүнөн бир нерсе табышканын айтышты.


Жети миллиардынчы адам качан төрөлөт?


Аднандын окуясын сүрөттөп отуруп, жалпы дүйнө жүзүнүн калкынын көйгөлөрү эске түшөт. Адамдардын санын эсептеген, изилдеген БУУнун долбоору өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөрдүн көйгөлөрүнө көңүл буруу үчүн иштелип чыккан. 7-миллиард наристе 2011-жылдын октябрь айында Индияда төрөлөрүн адистер алдын ала эсептеп чыгышкан эле. 6-миллиард Аднан анда 12ге чыгат.

Бул жааттагы адситер баса белгилешкендей, планетадагы адамдардын курсагынын тоюшу, үйлүү болушу, ресурстардын жетишсиздиги, айрым адамдардын өтө эле көп ресурстарды керектеп жатышы жылдан жылга чоң көйгөйгө айланып барат. 2050-жылы жердеги элдин саны 9,3 миллиарддга жетип, 97 пайыз өсүш жакыр региондорго туш келет.

Албетте, Аднан адамзатынын проблемаларынан күнүмдүк көйгөйлөр менен алагды. Анын эң чоң кыялы атасы менен саякатка чыгуу, кичине жардам болсо да, өтө жакшы болоор эле.

- Биринчиден, атама анын дарыларын сатып алууга жардам болсо, болду эле. Анан мен. Ошол эле...



6 миллиардынчы адам - Аднандын тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG