Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Зика глобалдык коркунуч деп табылды


Зика вирусуна каршы дары же эмдөө жүргүзө турган вакцина азырынча табыла элек.
Зика вирусуна каршы дары же эмдөө жүргүзө турган вакцина азырынча табыла элек.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зика деп аталган вирусту Латын Америка өлкөлөрү үчүн эле эмес, дүйнө үчүн жалпы глобалдык коркунуч катары тааныды. Алдыда коркунучтуу илдетке каршы вакцинаны табуу милдети турат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зика вирусу глобалдык коркунуч деген бүтүмгө ушул дүйшөмбү күнү узакка созулган кеңешмесинен соң келген эле.

2-февралда Женевадагы басма сөз жыйында аталган эл аралык уюмда эненин, баланын жана өспүрүмдөрдүн саламаттыгын тейлеген директор Антонио Костелло жогорудагы чечимден кийин көрүлүп жаткан чаралар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Бүгүн эртең менен биз глобалдык деңгээлдеги иш-чараларды уюштура турган топ түздүк. Ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун борбордук кеңселериндеги, аймактык бөлүмдөрүндөгү адамдарды бириктирет. Вируска каршы жооп чараларды көрүүдө биз эбола кризисинин бардык сабактарын эске алабыз. Бул жерде проблеманын өзөгү салыштырмалуу жеңил эле, илдеттин күчөп кетишинин кесепети үй-бүлөлөр үчүн оор экенинде. Вирустун Латын Америкада эле эмес, дүйнөнүн төрөт көрсөткүч жогору аймактары Африкада, Азияда жайылып кетүү потенциалы бардыгында. Андыктан, биз бул саламаттыкты сактоо чөйрөсү үчүн өтө тынчсыздана турган, эл аралык чукул кырдаалга барабар маселе деп санайбыз.

Латын Америкасынан чыккан бул илдеттин эң башкы кесепети-дарыгерлердин тили менен айтканда - микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышы. Латын Америка өлкөлөрүндө мына ушундай диагноз менен буга чейин миңдеген бала төрөлгөн. Мындан улам аймактын өкмөттөрү өз жарандарына балалуу болууну убактысынча токтото турууга кеңеш берүүдө.

Чиркейге каршы күрөш

Зика вирусуна каршы дары же эмдөө жүргүзө турган вакцина азырынча табыла элек. 2-февраль күнү зикага каршы вакцина жасоочу долбоорду баштаганын Франциянын дары-дармек чыгаруучу Sanofi компаниясы жарыялады.

Ал эми вирустун алып жүрүүчүсү жана таратуучусу буга чейин эле маалым болгондой чиркейлер:

- Биз чиркейлерге каршы күрөштө уттуруп жатабыз. Чиркейлер репродукцияны сактай алган кезде аларга каршы күрөштү биз ар бирибиз уттурабыз. Бул күрөштү утулбаш үчүн биз мобилизацияны күчөтүшүбүз керек, - деген эле өткөн аптада Зика вирусу эң көп жайылган Бразилиянын президенти Дилма Руссеф.

Ушул дүйшөмбүдөн тарта Бразилияда президенттин жаңы жардыгы күчүнө кирди. Ага ылайык медициналык кызматкерлер чиркейлердин уялаган жерлерин жок кылуу ишин кандай имарат болсо да жүргүзө алышат. Бул үчүн имарат ээлеринен уруксат алуунун кажети жок.

Олимп оюндарынын камтамасы

Зика боюнча тынчсыздануу жараткан дагы бир маселе быйылкы жайкы Олимп оюндары Бразилияда өтөрүндө. Бирок Бразилия бийликтери спортчулар үчүн эч коркунуч жок деп ырасташууда:

- Атлеттер бул жерге келгенде чиркейге чактырып, тумоолоп, мелдешке чыга албай калышы мүмкүн. Боюнда бар аялдардан башкалар үчүн мындан башка эч тобокелчилик жок. Олимп оюндары зика чыкканга чейин эле пландалган. Биз азыр көрүп жаткан чараларды Олимп оюндары болбосо деле жасамакпыз. Азыр жасап жаткан иш чараларыбыз Олимп оюндары башталганга чейин күчүндө калышы керек. Вирусту жуктуруп алуу тобокелчилиги абдан төмөн эле. Кош бойлуу аялдар Бразилияга барбайбыз десе түшүнөбүз. Бирок Олимп оюндарына келе тургандардын ар бири эле минте бербеши керек, - деди Бразилия президентинин аппарат башчысы Жак Вагнер дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында.

Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары август айында өтөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG