Брюссель аэропортундагы кош жана шаардык метродогу жардыруулар кеминде 28 кишинин өмүрүн алып, 100дөн ашуун адам жарадар болду. Прокуратура окуяны теракт деп атап, 11 киши аэропортто, 17 киши метродо мерт кеткенин билдирди. Бельгиянын премьер-министри Чарльз Мишел аэропорттогу кош жардырууну жанкечти ишке ашырганын билдирди.
Брюсселдеги жардыруулар

1
Брюсселдин Завентам аэропортундагы талкаланган терезелердин алдында турган аскер, 22-март, 2016.

2
Жардыруудан кийин аэропорттун ички көрүнүшү.

3
Жардыруулар аэропорттун авикаттамдар учкан залындагы American Airlines компаниясы жүргүнчүлөрдү тейлеген бурчунда болгон.

4
Жүргүнчүлөр менен аэропорттун кызматкерлери жардыруулардан кийин терминалдан чыгарылды.

5
Жүргүнчүлөр Брюсселдин борборундагы Малбек метро станциясындагы жардыруудан соң Арт-Луа менен Малбэк станцияларынан сыртка чыгып жатышат.

6
Эвакуация маалында жүргүнчүлөр метродогу поездин жолу менен басып баратышат.

7
Жардыруудан талкаланган метро

8
Куткаруучулар Малбек станциясында жардыруудан кийин жарадарларга жардам берүүдө.

9
Бельгиянын полициясы менен аскерлери Малбек станциясынан жарадарларды ташып чыгууда.

10
Полиция менен куткаруучулар жардыруу болгон метро станцияда.