Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Жаңылыктар | 22.02.2022 | Путин Украинага аскер киргизди


Жаңылыктар | 22.02.2022 | Путин Украинага аскер киргизди
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:02 0:00

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп аталган аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныды. Ага удаа президент Владимир Путин бул аймактарга орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Кремлдин мындай аракетин Батыш кескин сындады. Кыргызстанда мугалимди шылдыңдагандарды жазага тартууну сунуш кылышты. Эгер Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоору жактырылса, окуучуга же ата-энеге 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин айыппул салынып, 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Президент Садыр Жапаров дыйкандарды жеңилдетилген шартта алган насыяны максаттуу ишке жумшоого чакырды. Мамлекет башчы белгилегендей, бийлик былтыр тапкан таза кирешени дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя түрүндө бермей болду.

XS
SM
MD
LG