Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Бурятияда коронавирус менен ооругандар даттанышты


Иллюстрациялык сүрөт. 18-май, 2020-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 18-май, 2020-жыл.

Бурятиянын борбору Улан-Удэдеги Республикалык инфекциялык ооруканада коронавируска кабылгандарга дааратканага барууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Подъем" жергиликтүү басылмасы бейтаптарга таянып жазды. Ал бөлмөлөргө атайын чакалар орнотулганын билдирген.

Бурятиянын Саламаттык сактоо министрлиги оорукана 1940-жылы курулганын, канализация түтүгү жакшы иштебей турганын билдирди.

«Ар бир бейтаптын өзүнүн чакасы бар. Ал атайын көшөгө менен бөлүнүп турат”,-деди мекеменин өкүлү.

Орусиянын Бурятия аймагында 1833 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Жалпы Орусияда инфекцияга кабылгандардын саны 460 миңге чамалап калды.

XS
SM
MD
LG